Айдарбеков, Эсеналиев, Сыдыков үчөө Жекшенкуловду элчиликтен оодарыштыбы?

Кыргызстандын Россиядагы толук ыйгарымдуу элчиси Аликбек Жекшенкуловдун кызматтан кетиши ар кандай болжонууда. Сооронбай Жээнбеков отставкага кетип баратып, “ишенимден чыкты” деген жарлык чыгарып кетпедиби, эмнеге?
Көрсө, Акүй талкалангандан кийин тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков, аппарат жетекчиси Досалы Эсеналиев, тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Данияр Сыдыков үчөө интрига жасашып, президенттин башын айландыруу менен элчини жамандашып, “ит оюнду” кылышканы кандай? Көптөн бери ыңгайды табалбай жүрүшкөн эргулдар калп оозанышып, жайлап кетишкени ушулбу? Көрө албастык менен... Кыйчалыш кырдаалда Жекшенкулов өз миссиясын аткарып, Путин менен Жээнбековду сүйлөштүрүптүр. Кыскасы, милдетин так аткарат. Ал эми Айдарбеков, Эсеналиев, Сыдыковдор биригишип, Жекшенкуловдон өч алууга үлгүрүшүп, бузукулук таризинде Жээнбековго кол койдуруп алышканы ачыкталабы?..
Aryba.kg