Шарапаткан Мажитова, ЖК депутаты: “Канчалык кыйынчылык түшкөн сайын аялдар күчтөнөт”

-- Шарапат эже, коомчулук арасында “азыр көп кишилер заңгырган үйлөрдү салып, ичин эмерекке толтурганы менен той-аш, шеринелерди кафе-чайканаларда өткөрүп жатышат. Мурда чайканаларда жалаң эркектер отурса, азыр аялдар толуп алды, бул туура эмес” деген пикирлер айтыла калууда. Аял, эне катары буга сиздин көз карашыңыз кандай?
-- “Аялдар кечке эле чайканада отурушат” деген туура эмес. Алардын тирилиги бар. Мен аялдардын арасында жүргөн үчүн билем. Алар үйдүн жана баланын түйшүгүн, каржы түйшүгүн да мойнуна алып алышкан. Эркектерди өзүңөр көрүп атасыңар, аялдарын үч-төрт баласы менен таштап кетип атышат. Эч кандай жоопкерчилик жок. Же баланы караганга жардам бербейт, же алимент төлөбөйт... Баары дебейм, бирок көбү ошондой болуп калды. Көптөгөн жаш келиндер бирден-экиден баласы менен күйөөсү жок жашашууда. Анан алар кайсы кампанияга барат? Өзүнө теңтуш, чогуу иштеген келиндер менен отурашат, көңүл ачышат. Биз эгемендик алгандан берки саясатыбыздын туура эмес кеткендигинен ушул акыбалга келдик. Бул бир же эки жылда оңдоло койбойт. Эң оболу коомго болгон көз карашыбызды түзөп, улуттук баалуулуктарыбызды кайрадан калыбына келтиришибиз керек. Биз бүгүн тарбияны баштасак, дагы бир муун өткөндөн кийин башкача, жаңы көз караштагы жаштарды көрө алабыз.
-- Демек, бул тыюу салуу менен чечиле турган маселе эмес турбайбы?
-- Жок. Тыюу салып чечүүгө мүмкүн эмес. Беш-он жылда адамдар өздөрү түшүнүп, ошого жетишүү керек. Аялдар бүгүн көп жүктү мойнуна алып, өз алдынча болушуп, үй-бүлөсүн камсыз кылып калышты да. Эркектер ошого жол берип коюшту. Канчалык кыйынчылык түшкөн сайын аялдар күчтөнөт да. Ошентип, күчтүү аялдар пайда болууда...
"Азия Ньюс" гезити