Коронавирустун ордосу Ухань шаары тууралуу маалыматтар
Коронавирустун очогу болгон Ухань шаары тууралуу “Барс медиа” жазып чыкты. Кыргызстандын калкынан эки эсе көп калк жашаган Кытайдын бул шаары тууралуу таптакыр эле уккан эместер да бар... Анда эмесе, аянты Бишкек шаарынын аймагынан 53 эсе чоң болгон Ухань шаары тууралуу маалымат бермекчибиз.
Ухань – Кытайдын Хубэй провинциясынын борбор шаары. Янцзы жана Ханьшуй дарыяларынын кошулган жеринде жайгашкан. Борбордук Кытайдагы калк жыш жайгашкан шаарлардын катарына кирген бул шаарда 12 миллион калк жашайт. Аянты – 8494 чарчы чакырым же Бишкек шаарынан (Бишкектин аянты 160 чарчы чакырым) 53 эсе чоң.
Шаар Учан, Ханькоу жана Ханьян деген үч бөлүктөн турат. Бул бөлүктөр дарыялардын ар жээгинде бири бирине карама каршы жайгашкан, алар бири бири менен көпүрөлөр аркылуу байланышкан. Ошондой эле шаар 13 райондон турат.
Ухандын ички дүң өндүрүмү 2005-жылы 223,8 миллиард юанды, ал эми калктын башына 26 миң юанды (3245 АКШ доллары) түзгөн. Жакында эле Ухань 50 франциялык инвестициялык компаниясын өзүнө кызыктырып, алар Франциянын баардык инвестициясынын үчтөн биринен көбүрөөк каражатын Кытайга салышкан.
Шаарда курулуш аябай кызыган. Эң бийиги 68 кабаттуу имарат, ошондой эле “Ухань-Гринлэнд-Сентер” деген 125 кабаттуу бийиктиги 636 метрлик имарат курулуп жатат.
Уханда улуттук 8 жана коомдук 14 колледж жана университеттер бар.
Aryba.kg