Акыркы кабарлар
» Саясат » Коррупцияга шектелген Идрис Кадыркуловдун амбициясы ашынып кеткенде
Коррупцияга шектелген Идрис Кадыркуловдун амбициясы ашынып кеткенде
31-январь, 09:00


Кылмышка шектүү Идрис Кадыркулов Кыргызстандын Украинадагы элчилигине көрсөтүлүп, бетибизге чиркөө болду. Жогорку Кеңештен өтпөй калса да дайындалды. УКМКны 2018-2019-жылдары жетектеген бул эргул Кыргызстандын электрондук паспортуна бланктарды сатып алуу боюнча тендер чырына аралашып, кызматынан айдалган. “Жең ичинен” коррупцияга батканын, коомчулуктун сынына кабылганын кантип унутабыз? Эми ушундай “калбырлуу” кадрды көтөрүп, мамлекетибиздин абийири төгүп атабыз! Эл аралык коомчулук астында аброюбуз кетип, уятка калдык. Диломатия саясаты өтө кылдаттыкты талап кылат. А биз шалтактатып эле Идрис Кадыркуловду чаптап салдык. Заманаң гана куурулуп кетет да!
"Азия Ньюс" гезити











