Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Улуу “Манас” эпосунун асыл нарктары

Улуу “Манас” эпосунун асыл нарктары

04-ноябрь, 19:35
253 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

“Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик” уңгу жолунун контекстинде

6. Достук – “Манастын” асыл кенчи 

Достук деген асыл сөз кыргыз эли үчүн эч убакта формалдуу ураан, кургак чакырык, тил учундагы кооз кеп болгон эмес. Азия мейкиндиктеринде жашаган түркүн калктардын, тайпалардын чок ортосунда, Улуу Жибек жолунун тоомунда турган кыргыздар үчүн достук деген нерсе реалдуу маңызга ээ болгон ыйык категория. 

Кыргыз калкы өзүнүн акыл-ой казынасын жана тарых тажрыйбасын эл турмушунун энциклопедиясы “Манаска” топтогон. Белгилеп кете турган нерсе, “Манастын” рухий казынасынын дүйнөлүк улуу универсал идеялар менен ашташып тургандыгы. 

Дүйнөлүк акыл-эс тирмийип тиктеп, саргара ойлонуп отуруп тапкан универсал идеялардын бири – бул жарык дүйнөдөгү баардык нерселердин өз ара чырмалышкан байланышы, өз ара шартташкандыгы жана өз ара бири-бирине багынычтуулугу, дүйнөнүн бир дене сыяктуу бүтүндүгү, бирдиктүүлүгү жөнүндөгү философия. Биздин «Манасыбыздын» түпкүрүндө да ушундай фундаменталдык идея чөгүп жатат, ал идея эпосто активдүү аракетте турат. Элибизде тээ байыртадан «Тиричиликтин күчү бирдикте», «Тирилик түбү – бирдик», «Бирдик болбой тирдик болбойт» деген өңдүү акылман философиянын жашап келе жаткандыгы бекеринен эмес. “Эки эрдин достугу бир белди ашырат, эки элдин достугу миң белди ашырат” деген ой да ушул даанышмандыктын уландысы. «Манас» эпосунун түндүгүн көтөрүп турган үлкөн идеялардын бири интернационализм, достук, биримдик идеясы дал ушундай концептуалдык дүйнө таанымдан агып чыгат. Манас баатырдын кыргызды гана эмес түркүн уруулардын жана этносторду бириктирген “Кулаалы жыйып куш кылган, курама жыйып журт кылган” ишмердиги дал ушундай философияга негизделет. 

Манас дүйнөдөгү эң айкөл интернационалист каарман. Дегеле, «Манаста» адам тегине, улутуна, расасына карап эч качан бааланбайт. Манастын жандай көргөн кырк чоросунун ичинде ар түрдүү улуттардын өкүлдөрү: казак да, кыпчак да, монгол да, калмак да, кытай да бар. “Кырк жерден келген кырк кашка, кыркынын жөнү кырк башка” делет “Манаста”. Эпостогу эр-азаматтардын достугу жана биримдиги биринчи иретте чындык, калыстык, адилеттүүлүк, адамгерчилик, эл алдындагы ак кызмат, адал мээнет деген сыяктуу улуу адеп-ахлак дөөлөттөрүнө негизденип турат. «Манастагы» Алманбет менен Манастын достугу жөнүндө да дал ушуну айтууга болот. Маселен, Алманбет баатыр Кытай мамлекетинин атуулу, ал Чыгыштагы феодалдык деспотиянын шарттарында чындыкты, акыйкатты, адилеттүүлүктү издөөнүн ачуу драмасын жана трагедиясын баштан кечирген каарман. «Кайыңды көрсөм конормун, кайышпай кайың көтөрсө, как ошо жерде болормун» дейт Алманбет. Чындык, адилеттүүлүк кай жерде болсо, ал ошол жерде. «Башымды жөлөр паана жок, баркымды билер даана жок» деп арман кылган Алманбет, акыры издеген идеалын Манастын айкөл дүйнөсүнөн табат. Өз кезегинде «издеп тапсам канаке, телегейи тегизди, өзүмө теңтуш эгизди» деп ичинен тымызын Аккан досту көксөп жүргөн Манас Алмамбеттен өзүнүн руханий эгизин көрүп, «алыскы ишти ойлогон, акылмандын бири экендигин» таанып, кучагын жайып кабыл алып, «кызыл найза желегим, кытайдан келген белегим» деп аны менен ажырагыс дос болот. 

 Манас менен Алманбет көртирликтин майда-баратынан, бытовизмден, этникалык, улуттук тосмолордон өйдө көтөрүлүп, акыл-ой маданиятынын өтө бийик чокуларына көкөлөп чыккан каармандар. Ошол рух чокусунан бири-бири менен жуурулушкан даанышман баатырлар. Манас менен Алманбеттин достугу дүйнө элдеринин өз ара диалогу, чындыкка, акыйкатка, алысты ойлогон акылман калыстыкка негизделген эл аралык ынтымагы жана достугу, биримдиги үчүн өзүнчө бир символ. 

Ушул жерден «Манастагы» «Көкөтөйдүн ашынын» эл аралык философиясы жөнүндө да айтпай кетүүгө болбойт. Эпостун көрүнөө жаткан идеяларын гана эмес, көмүскө жаткан подтексттерин, тереңге катылган маанилик сырын, тымызын ишара кылынып, кыйытып айтылган нускаларын да окуп, чечмелей билүү зарыл. 

«Көкөтөйдүн ашы» жер үстүндөгү калктардын эл аралык форумуна окшойт. Эпостун бул маанилүү бөлүгүн 1856-жылы Ысык-Көлдө биринчи болуп белгисиз жомокчунун оозунан жазып алган Чыгыштын чыгаан уулу Чокан Валихановду урмат менен эскербей коё албайбыз. Ч.Валиханов “Көкөтөйдүн ашынын” калк аралык маанисин баамдаган сыяктуу. 

 Айтылуу бул ашка Бүткүл Орто Азиянын, Сибирь, Алтай аймагынын түркүн калктары гана эмес, алыскы Орхондон, Монголиядан, Жапандын Сыймун аралынан, Кангайдан, Кытайдан, бери жагы Чыгыш Түркстандан, тиги жагы Индостандан, Оогандан, ары жагы Крым менен Урумдан эл чакырылат. Ашка «Ар жумушка дилгирген, алтымыш түрдүү тил билген», жайма көкүл жаш Айдар «булуттуу көктүн астынан, муундуу чөптүн үстүнөн» куштай учкан Мааникер күлүктү минип, чабармандык кылат. Каркырага «кара курттай кайнаган, кумурскадай жайнаган» түмөндөгөн түркүн калк чогулат. «Кытай журту бир түркүн, кыргыз журту бир түркүн, орус журту бир түркүн, ооган журту бир түркүн, калмак журту бир түркүн, казак журту бир түркүн» делет Манаста. Ашка үч жүз миң боз үй тигилет. Чыныгы эпикалык масштаб деп ушуну айтыш керек. 

«Көкөтөйдүн ашында» «жамбы атуу», ат чабыш, балбан күрөш, эр сайыш сыяктуу спорт оюндары ойнолот. Жамбы атууга жыйырмага жакын калктын көзгө атар мергендери катышат. Ат чабышта түркүн журттардын эки миң күлүгү жарышка салынат. Кыскасын айтканда, «Манастагы» «Көкөтөйдүн ашы» бүгүнкү замандагы дүйнөлүк олимпиаданы элестетип кетет, тагыраак айтканда, азыркы спорт оюндарынын эл аралык олимпиадасынын алгачкы прообразы өңдүү. Дүйнөлүк олимпиаданын тунгуч өрнөгү эзелки кыргыз эпосунда берилген десек жаңылышпас элек. 

Бирок, «Көкөтөйдүн ашынын» маани-маңызы жалгыз гана ушунда эмес. Иштин тереңдеги мааниси, тынымсыз кагылыш-кармаштар, кандуу уруштар өкүм сүргөн жоокердик доордо өз жерине түркүн тилдерде сүйлөгөн алыскы-жакынкы калайык-калктарды чогултуп, атүгүл жоолашып турган душманын да (калмак-кытай) мейманга чакырып, ак дасторкондун үстүндө мамилелешүүгө, баарлашууга реалдуу түрдө кадам таштаган, түпкүлүгүндө журттар ынтымагын көздөгөн ак калпак кыргыз элинин айкөл пейилинде жана гуманисттик умтулушунда жатат. Дагы айталы, азыркы эл аралык тынчтык жыйындарынын жана Ассамблеялардын башаты илгери эле кыргыз жергесинде түптөлгөн экен. «Көкөтөйдүн ашын» уюштурган кеңешчилердин акылман тобу «Ала-Тоодой эт болгон, Алаөлдөй чык болгон» бул аш «акыр заман журтуна» чейин адамзат балдарына «санат-нуска» болуп калсын деген улуу мүдөөнү көздөшкөн. Чындыгында эле «Манас» дастаны «Көкөтөйдүн ашы» аркылуу (анын айрым койнунда котур ташы бар меймандардын айынан чыр менен аяктаганына карабастан) жер үстүндөгү элдердин биригүүсүн, тынччылыктын кырдаалында алака-мамилеге өтүү глобалдык идеясын тереңден каңкуулап тургандыгы менен жалпы адамзат балдары үчүн табылгыс сабак жана баалуу нуска. Сюжеттик өзөгү кечээки жоокердик замандын баш-аягы түгөнбөгөн катаал кагылыш-кармаштарына, кандуу казаттарына, каардуу окуяларына шыкалып турса да, “Манас” акылмандыкка чулганган эпос. Бириккен Улуттар Уюмунун Генералдык Ассамблеясы 1994-жылы 5-октябрда “Манас” эпосунун Орто Азия чөлкөмүндөгү элдерди эзелки тарыхтан бери эле бириктирүүнүн жана байланыштыруунун турмуштук негизги түйүнү экендигин, эпос адамзаттын көптөгөн идеялары менен баалуулуктарын таркатууга шарт түзөрүн, жалпы адамзаттык мурасты байытууга, эл аралык кызматташуу жана өз ара түшүнүшүү мамилесин чыңдоого кошо турган салымын эске алуу менен 1995-жылды кыргыздын улуттук “Манас” эпосунун миң жылдыгы майрамдалчу жыл катары жарыялайт” деп токтом чыгаргандыгын эске түшүрөлү. БУУнун токтомунда “Манастын” мазмундук тереңдиги жана анын нарк-дөөлөттөрүнүн жалпы адамзаттык мааниси мына ушундайча баса белгиленген. 

Биз, кыргыздар дүйнөдө жашап келе жаткан маданияттарды, цивилизацияларды, континенттерди бири-бирине каршы койгон, бир жактуу кыймылы бар көчөгө окшогон ар кандай «фундаментализм», «Востокоцентризм», «Европоцентризм», «этноцентризм» деген сыяктуу түркүн «измдерден» оолак болуп келгенбиз. Кыргыздын жүрөгү дүйнөгө дайыма ачык. Пейили кең Каркырадай жайык, кең Алайдай кенен. Кыргыздын “эки элдин достугу миң белди ашырат” деген макалында көп маанилүү подтекст уюп жатат. Макалда башка элге тилектеш гана болбой, ошол элдин өнөрлөрүн өздөштүрүп, өзүңдү күчтөндүрсөң гана миң белди ашасың деген идея бугуп жатат. Дегеле, жакшылап үңүлүп көрсөк, түпкүлүгүнда бир калктын өнөр-маданияты экинчи бир калктын маданиятына каршы келбейт. Адам кайсы гана жерде, континентте, аралда жашабасын, баардык жерде адам. Ал эми адамдын жаратылышы негизинен бир. Биз баардыгыбыз адам балдарыбыз. Адамзаттын маданий өнүгүшү көп түрдүү болгону менен ал көп түрдүүлүктүн түпкү насили бир. Дүйнөнүн маданий полифониялуулугу бирдиктүү адам жаратылышынын ар түркүн кырларынын көрүнүшү. Чын-чынында бири-бирине карама-каршы турган Батыш жана Чыгыш деген деле жок. Болгону, Адам ата тукумдарынын маданияты плюралистүү, дүйнөлүк бир түпкү өзөктөн чачырап чыккан түркүн бутактар бар. Демек, дүйнөдөгү маданияттардын алгоолошууларынын жана өз ара баюуларынын жактоочусу болуу толук логикалуу. Биз жалпы адамзаттын казынасындагы орток асыл нарктарды, алатоолуктардын этикалык рухий жактан өркүндөшүнө, асылданышына сүрөө боло турган универсал дөөлөттөрдү өздөштүрүүгө, жергиликтүү кыртышыбызга адаптациялап сиңирүүгө, бул аркылуу өзүбүздү байытууга умтулушубуз абзел. Эгерде биз Конфуцийдин, Махатма Гандинин, Лев Толстойдун, Гетенин маданиятын, этикасы менен философиясын өздөштүрсөк утпай коёбузбу? Ал эми жер үстүндөгү түркүн маданияттардын өз ара алакасы, ар кайсы континеттердеги инновациялык жаңылыктарды өздөштүрүү көп тилдүүлүк өнөрүсүз мүмкүн эмес. 

Биздин кыргыздын рух казынасында көп тилдүүлүктүн философиясы илгертен эле жашап келген. Буга улуу «Манастагы» баатыр Ажыбайдын 70 түрлүү элдин тилин билген керемет өнөрү күбө болот. Биздин жергени аралап өткөн Улуу Жибек жолу да кыргыз баласын алыстагы узун элдин учуна, кыска элдин кыйырына алып барган. Ушундай эл аралык карым-катнаш тажрыйбасынан улам кыргыз эли көп тил билүүнү  эң маанилүү турмуштук зарылдык катары аныктаган. «Манаста» көп тил билүү өнөрү жагынан жалаң Ажыбай гана эмес, эл аралык масштабдагы чабарман жаш Айдар да айырмаланат. Жаш Айдар “Манаста” “ар жумушка дилгирген, алтымыш түрдүү тил билген, ары тилмеч, ары акын” деп сыпатталса, Аргын кандын Ажыбай адамзаттын үндөшү, талайлуу Манас көкжалдын, талыкпаган тилмечи, кара чокко айдаса, калмак тилин билчүүсү, кызыл окко айдаса, кытай тилин билчүүсү, солоон, шибе эки уруу, анын тилин билчүүсү” деп мүнөздөлөт. 

«Манастагы» Ажыбай менен жаш Айдардын тил өнөрү  бул символ. Бул экөө кыргыз калкынын көп тилдүүлүк жөнүндөгү философиясын көтөрүп жүргөн каармандар. Ал калк аралык карым-катыштын, диалогдун символу, калктардын өнөр казынасын өздөштүрүүнүн жол чырагы. Ажыбай менен жаш Айдардын көп тилдүүлүгү – бул бизге «Манастан» калган осуят. «Эр достугу – эгиз, эл достугу  деңиз», «Айрылган эл – азаар, кошулган эл – озоор», «Досу көптү жоо албайт, акылы көптү доо албайт» аттуу макалдар кыргыздардын эл аралык алака-катыш практикасынан жаралып жарыкка келген. 

Бүгүн болсо дүйнө таанылгыстай болуп өзгөрүүдө. Дүйнө көйгөйүнө айланган демографиялык "жарылуу", жер ресурстарынын азайып баратышы, экономикалык проблемалардын глобалдашуусу, ядролук согуштун коркунучу, экологиялык кыямат, эл аралык терроризм, жер бетиндеги жашоону сактап калуунун зарылдыгы калктардын, мамлекеттердин бириктешүүсүн, өз ара кол кармашкан союзун, дүйнөнү бир бүтүн нерсе катары карай билүүнү, жер планетасынан башка жер жок экендигин, бүт адамзат бир кемеде бараткандыгын терең түшүнүүнү ар бир улуттун алдына курч коюп жатат. Бүгүнкү күндөгү жаңы планетардык ойлом улуттук мүдөөлөрдү жалпы адамзаттын максат-кызыкчылыктары менен тогоштуруп акыл жүгүртө билүүнү талап этет. Азыркы учур улуттук алкакка камалып, обочолонуп жашоонун заманы эмес. «Бөлүнгөндү бөрү жейт», «Жалгыз дарак токой болбойт, жалгыз таруу ботко болбойт», «Жалгыз аттын чаңы чыкпайт, чаңы чыкса да даңкы чыкпайт» деп кыргыз акылмандыгы бекеринен эскерткен эмес. Бүгүнкү эл аралык турмуш диалогдун, толеранттуулуктун, консенсустун, акыл-эстүү компромисстин, кызматташтыктын, алгоолошуулардын жана тилектештиктин ийкемдүү дипломатиясына муктаж болуп отурат. Мына ушундай кырдаалда эл аралык мамилелерде диалог саясатын жүргүзүү, алыскы-жакынкы өлкөлөр менен өз ара пайдалуу жана тең укуктуу шарттарда активдүү алака-катышка өтүү, үзөңгүлөш коңшулуктун, тынчтыктын, достуктун, интернационализмдин философиясын тутунуп жашоо – Кыргызстандын коопсуздугунун жана стабилдүүлүгүнүн булагы болмокчу. Илгертен Азия менен Европанын ортосундагы көпүрө болуп келген Улуу Жибек жолунун бүгүнкү дипломатиясы жана «Манастын» достук идеологиясы азыркы өзгөргөн дүйнөнүн татаал геосаясый кырдаалында улуттук көчтүн жүгүн оодурбай, кырсыктуу бороон-чапкынга кабылтпай, кыялардан тайгылтпай, жакшылыктын түз жолу менен бакубат келечекке алып барууга жол көрсөткөн маяк. 

Кыргыз элинин ичинде маселени баарлашып чечүүнүн жолун издеген инсан аралык, калк аралык мамилелерде кылдат, токтоо, сабырдуу боло билген, байкабай туруп баспаган, билбей туруп шашпаган, эрегишкендерди эпке келтирген, чаап айтпай таап айткан, арканды узун таштап, татаал түйүндөрдү айлакер акылы менен чечкен, керек кезде артка чегине билип, кыйын кырдааалдарды “камырдан кыл сууругандай” жайгаштырган, журттар ортосундагы достук-ынтымакка данакер болгон тубаса элдик дипломаттар сейрек болгон эмес (Эрен Улуг, Ажыбай, Бакай, Тилекмат аке, Кыдыр Аке, Сарт аке, Курманжан датка, ж.б). Манас баатырдын жанагындай «жетимиш түрлүү эл көргөн, жетимиш түрлүү тил билген» Ажыбай жөнүндөгү төмөнкү сөзүн эске түшүрөлү: “Айтылуу чечен Ажыбай, акылга дыйкан эреним, каңгай менен кыргызга, арага жүргөн береним, кара тилин кайраган, калк алдында сайраган, үзүлүп кетсе, улаган, чачылганды жыйнаган”. Бүгүнкү XXI кылымда дал ушундай элчилердин, элдик дипломаттардын өрнөктөрү бизге табылгыс сабак. 

Акырында, достук жөнүндө дагы бир сөздү айтып өтөлү. Достук деген – бул кандайдыр бир эсепке негизделген жүрүм-турум, же болбосо тартууланган кымбат белектер, формалдуу келишим, салтанаттуу сырткы убадалар эмес. Достук – бул жүрөктөн төгүлгөн сүйүү сезими. Кыргыз поэзиясында жогорудагы Манастын досу Алманбетке арналган өзүнчө бир ыр саптары бар. Ал ырда Алманбет минтип ички жан сырын ачыкка чыгарат: 

Ак калпакчан улуу кыргыз жеринин, 

Уулу болуп кызмат кылдым дилимден.     

Аңызына үрөн болуп көмүлүп,

Көктөп чыгып, мөмө болуп ийилгем... 

Кыргыз деп да, кытай деп да жүгүргөм.     

Эки калкка эркиндик деп бүлүнгөм. 

Өлбөгөм мен Чоң Казатта найзадан, 

Мен өлгөмүн эки эл деген сүйүүмдөн!

Бул монологдон улам айтарыбыз, достук ширелишүүнүн негизинде дал ушул Алманбеттикиндей айкөл сүйүүнүн жатышы абзел. Ал эми достук сүйүү сезими элдин, адамдын тилин, дилин, маданиятын, жандүйнөсүн түшүнүүдөн улам жаралат. Алманбет кыргыз элин, Манасты ич жагынан түшүнүп, өз элиндей, өз бир тууганындай көрүп, ак калпакчан калкка агынан жарылып кызмат кылган. Өз кезегинде кыргыз калкы да Алманбетке жүрөгүнөн балкылдап ийип, аны өз бир боор уулундай санап калган. “Чоң Казатта” Алманбет каза таап, жан досунан ажыраганда Манас: “Кызыл болот желегим, Алманбет – каңгайдан келген белегим! Кысталыш жерде керегим! Өөдө чыкса – өбөгүм, өлбөй кантип турамын, кайраным Алмам  жөлөгүм! Алтын айдар, чок белбоо, арыстаным Алмам, ала жат! Кол кармашып кеткенге, кокуй күн, Алмам, ала жат!” деп жаш баладай өңгүрөп ыйлаган. Манастын көз жашы өзөктөн өрттөнүп чыккан чыныгы күйүттүн көз жашы болучу. Достукту айтам десең, дал ушул кыргыз менен кытайдын кулундары – Манас менен Алманбеттин достугун айт дээр элек. 

Дагы бир жолу айталы, индивидуалдуу деңгээлде дагы, этностор аралык деңгээлде дагы, эл аралык деңгээлде дагы Манас менен Алманбеттин достугу дүйнөгө балбылдап күйгөн шамчырак

Акырында айтарыбыз, кыргыз элинин Манастын достук ынтымак философиясы, гуманисттик менталитети, баарлашуу, диолог кура билүү өнөрү, караңгыдан көз таап, капилеттен сөз таап, айрылганды эптеген, ажыраганды бириктирген асылбаа этикасы жалпы адамзатка өзүнчө бир өрнөк, өзөктүү осуят. Мындай рухий-саясый маданият, интернационалдык нарк-нуска төгөрөктүн төрт бурчунда жашаган калайык-калктар, Батыш менен Чыгыш керектей турган универсалдык дөөлөт, тутунчу идеология жана ар кандай дүйнөлүк документтин пайдубалына алтын тамгалар менен жазылчу кенч десек жаңылышпайбыз. Мындай дөөлөттү муундарыбыздын энчисине айландырышыбыз абзел


Советбек Байгазиев

 "Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер