Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Коронавирустун индиялык штаммы дүйнө жүзүнө өтө тез жайылууда

Коронавирустун индиялык штаммы дүйнө жүзүнө өтө тез жайылууда

22-июнь, 12:06
1 115 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Индияда аныкталган коронавирустун “дельта” деп аталган жаңы түрү дүйнөнүн 90дон ашуун өлкөсүндө катталды. Бул тууралуу Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун маалыматына таянып, чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

“Азыркы учурда биз 92 мамлекетте коронавирустун индиялык штаммы же “дельта” варианты бар экендигин билебиз. Бул нерсе бизди тынчсыздандырууда. Анткени аталган штамм дүйнө жүзү боюнча тез жайылып жатат” деп билдирген ДССУнун өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн техникалык тобунун башчысы Мария Ван Керхове.

Буга чейин Англиянын коомдук медицина кызматы жаңы штамм коронавирустун башка түрлөрүнө караганда 64 пайызга көбүрөөк жугуштуу жана учурдагы вакциналарга бир аз чыдамдуу экендигин билдирген. Ошондой эле индиялык штаммды жуктуруу адаттан тыш белгилер менен коштолот: ичтин оорушу, кусуу, жүрөк айлануу жана угуунун начарлашы. Мындан тышкары, шотландиялык вирусологдордун айтымында, “дельта” ооруканага жатып калуу коркунучун туудурат.

“Супер кж”
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер