Акыркы кабарлар
» Жанирмем » Кош бойлуумун... “Мигранттын кызы” деп жигитим таштап кетти
Кош бойлуумун... “Мигранттын кызы” деп жигитим таштап кетти
05-октябрь, 15:43

Мен азыр 18 жаштамын. Ош шаарындагы ЖОЖдордун биринде 2-курстта окуйм. Бир жигит менен таанышып, 1 жылдан бери сүйлөшүп, ага ишенип, карантинде да чогуу жашап алдым. Ата-энем ажырашып кетишкен. Апам Россияда. Мен апамдын ишеничин актай албадым. Азыр кош бойлуумун. Жигитиме айтсам, урушуп кеттик. “Мигранттын кызысың, эмне кыла аласың?” деп таштап кетти.
Эми эмне кыларымды билбей, же эч кимге айта албай ыйлап отурам. Мага ишенип, сагынып жүргөн апама бул көрүнүш оор тиет. Болушкан эч кимим жок, мен шордуу бир мигранттын кызымын. Мени ушундай оор абалга таштаган жигитиме наалат айтып отурам. Кыздар мага окшоп алданбагыла. Эркектер таштап кетет...
Назгүл