Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Айбар Султангазиев: “Он, он беш күндөн кийин коронавирус кескин көбөйөт, сактаналы!”

Айбар Султангазиев: “Он, он беш күндөн кийин коронавирус кескин көбөйөт, сактаналы!”

24-сентябрь, 12:59
6 201 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Саламаттыкты сактоо боюнча эксперт менен маек.

-- Ар кайсы алыскы өлкөлөрдө иштеп, жашап жүргөн биздин мигранттар “ковидден абайлагыла” деп чочулоо менен коңгуроо кагып жатышат. Коңшу өлкөлөрдө куш тумоосу чыкты. Биз болсо үгүт иштерин, тойлорду күчөтүп алдык. Жакынкы он, он беш күндө эмнелер күтүлөт?

-- Коронавирус кайрадан көбөйө баштады. Жазында, 11-майда карантин бүткөн, бирок 15-июндан тарта кайра күчөп баштаган. Вирустун жайылышына бир ай убакыт керек болду. Азыр күн салкындап калганга, элдер көп топтолуп баштады. Бир айды алып карасак, мисалы, 1-сентябрдан бери элдин топтолуусу күч алды. 30-сентябрь 5-октябрларда кескин көбөйүп баштайт. Менин жеке пикиримде, так маалымат берилбей жатат (!) деп ойлойм. Шайлоого чейин кичине эл дүрбөбөй тынчыраак жүрүүсүн ойлоштубу?.. 

-- Көбөйүүнүн себептерине токтолсоңуз?

-- Дарт күчөп турганда 5 миң адам каза болду дейли. Август айынын аягынан бери ошолордун баарынын кыркылыгы өткөрүлүп жатат. Ал жактарда 100-300дөй адамдар топтолуп жүрүшөт. Жазында, жайында өткөрүлбөй калган тойлор күч алды. Эң биринчи эле үйлөнүү тойлору. Юбилей, тушоо той дегендер азыраак. Башкаларды коё турса болот, бирок үйлөнүү той аябай көбөйдү. Жаштар күтө албайт экен. Мени деле тойго чакырып калып жатышат. “Аз адам” деп коюп, ага болбой эле чогулушууда. Вирустун жайылышына шайлоонун үгүт иштери да чоң таасир берүүдө. Соцтармактардан көрүп атпайбызбы, канчалаган адамдар чогулуп атканын, 200-300дөй адам жүрөт. Бусиктер менен биздин жарандарды шайлоо учачткаларына ташып жатышат. Ошолордун баары вирустун көбөйүшүнө шарт түзүүдө. Эми шайлоо бүтөрү менен так статистиканы көрсөтө башташат. Азыр балким так айтпай турушкандыр. Эксперттердин айтымында, эл сасык тумоо менен ооруй башташты. Кечинде салкын, күндүз ысык. Эми эки вирус кошулганда абдан оор болот. 

-- Бул коркунуч балким сасык тумоо менен өтүп кететтир?

-- Андай болбойт. Коронавирус эч жакка кетпейт. Биз, адамдар унутуп калгыбыз келет, коронавирус бир жакка кетип калчудай сезип. Ал кетпейт, арабызда жүрөт. Менин эсебимде, эки миллиондой адам ооруй элек. Алар ооруп айыгышы шарт. Эки миллион – булар орточо же оорурак түрү менен ооруп айыга тургандар. Бул жерде иммунитети бар адамдарды эсептеген жокмун. Ошондуктан ооруй электер ооруйт. Бирок, чоң шаарларда азыраак болуп, ал эми аймактар коркунучтуу болушу мүмкүн. 

Бир жума, он, он беш күндөн кийин вирус кескин көбөйүп, бирок, өлүм азыраак болот. Себеби, дарыгерлер тажрыйба топтоп, үйрөнүп калышты. Алар башында “абдан оор болмоюнча жата бергиле” деп айтышкан. Азыр болсо ооруп баштаганда эле дарыланууну баштоо керек экенин түшүнүштү. 

Өкмөт деле дарыларды запастап койсо керек, ишенгим келет. Оор формалар көп эле болот. Мисалы, жүрөк оорулуу, кант диабетине чалдыккандар болбой эле ооруйт. Ошолор дарыланууну дароо баштоосу шарт. 


Жамиля Нурманбетова 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер