Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Курбум кара дуба колдонуп, үй-бүлөлүү жигитти өзүнө тартып алды

Курбум кара дуба колдонуп, үй-бүлөлүү жигитти өзүнө тартып алды

24-июнь, 19:56
2 227 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Менин курбу кызым бир жигит менен жакшы мамиледе болуп жүрдү. Ага берилип сүйүп калгандан кийин үй-бүлөлүү экенин билди. Анан ара жолдо калды. Кыйналды, азап тартты. Бирок, үй-бүлөсүн бузууга дити барбай, акырындап алыстоону чечти. Ал арада ал жигит башка кызды жандап, башка кыз менен жүрө баштады. “Ага үйлөнөм” деп үй-бүлөсү менен ажырашууга белсенип алыптыр. Анын бул кылыгына жинденген курбум көзү ачыктарга барды да, кара дуба окутту. Ал жигит үй-бүлөсүн дагы, кийинки тапкан сүйүктүүсүн да таштап, курбу кызыма баш кошту. Жыйынтыгы, экөө түтүн булатып жашап калышты. 

Мен жакамды кармандым. Кара дубанын күчүнө таңгалдым. Ушул кара дубанын айынан канча үй-бүлө бузулуп, сыздап, канча балдар тирүүлөй жетим калды болду экен?! Кудайдан коркпогон кыз-келиндер көбөйгөнү кейитет. Жараткандын каары жаман. Күнүмдүк жыргалчылыкты ойлобой, түбөлүгүңөрдү, эртеңиңерди ойлогулачы, замандаштар!

Айдай

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер