Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Алтымыш жылда бир келген ак чычкан жылы кимдерден ажырап калдык?

Алтымыш жылда бир келген ак чычкан жылы кимдерден ажырап калдык?

04-январь, 11:23
1 529 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

12 жыл мурун дал ушул чычкан жылы залкарыбыз Чыңгыз Айтматовдон, чындык үчүн күйгөн Дооронбек Садырбаев агабыздан ажырап калганыбыз эсимде.  Бул жылы да чычкан жылын узатып жатып, көзгө жаш айланды.  

“Ак жамгыр боздоп төккөндөй,

 Ак бороон улуп өткөндөй, 

Ала-Тоонун башынан 

Ак мөңгү эрип көчкөндөй. 

Арман ай, ааламың калды томсоруп,

Асмандан айды бөлгөндөй...” деп Чыңгыз Айтматов атабызды о дүйнөгө узатканда боздоп төккөн акындын өзү, Кыргыз Республикасынын эл артисти, ак таңдай акын, обончу Элмирбек Иманалиев42 жашында дүйнө салды. Анын артынан акын жана журналист Зайырбек Ажыматов 43 жашында көз жумду. Мыкты журналист, кайталангыс чыгармачыл адам Эрнис Асек уулунан да ушул жылы ажырап калдык.

Таажы вирусун өзүнө ырайымсыз желдет кылган шум ажал арабыздан чыгаан молдокебиз Чубак ажы Жалиловду алып кетти. Белгилүү манасчы, маданиятка эмгек сиңирген ишмер, дастанчы Сапарбек Касмамбетов, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген ишмери, сүрөтчү Данакан Адашканова да каза болду.

“Бопуш” деп элге таанылган белгилүү актёр, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Марат Жанталиев, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти, белгилүү ырчы, композитор Тургунаалы Нурматов, ырчы, аткаруучу Болот Тасмаевдер да арабыздан кете берди. “Азаттык” радиосунун журналисти Бүбүкан Досалиева, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Жыргал Көбөгөнова, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, белгилүү кинооператор Мурат Алиев 72 жаш курагында каза болду. 16-сентябрда Кыргыз эл артисти, белгилүү композитор, аткаруучу Калыйбек Тагаев 80 жаш курагында дүйнө салды. Акын, журналист, полковник Жолдошбек Бузурманкулов, белгилүү кинорежиссёр Бакыт Карагуловдор да бүгүн арабызда жок. Жаңы жылга саналуу күндөр калганда мыкты устат, журналист Бейшенбек Бекешов арабыздан узап кетти. 

Дагы канчалаган белгилүү мыкты дарыгерлер, мугалимдер, коомдук ишмерлер, илимпоздор, жаш дагы, кары дагы миңдеген мекендештерибиз жакын адамдарын кан жуткуруп арабыздан кете берди. Алардын элеси дайыма унутулбайт. Алар ар убак жүрөгүбүздө!


Жамиля Нурманбетова 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер