Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Күйөөм менен 20 жыл жашагандан кийин өзүмдү таптым, кайран жылдар!

Күйөөм менен 20 жыл жашагандан кийин өзүмдү таптым, кайран жылдар!

13-ноябрь, 02:06
1 062 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

«Акылынан тайган немедей эки жакка баса бердим.

Турмушка чыккандан кийин өзүмдү арткы планга жылдырып, күйөөмдүн, кайын-журтумдун кызыкчылыктарын биринчи орунга койдум. Төрт бала төрөдүм, карып калган кайын энемди бактым, күйөөмдүн ишине жардам берип, үй алалы деп тытындым. Үйгө жеткенден кийин усталарга кошулуп, оңдоп-түзөө иштерине катыштым. Кыз узаттым, куда-сөөк тостум. Чоң энемди тартып колум жөндөмдүү кыз элем. Сабак аткаргандын ордуна, ар кандай кийимдердин моделдерин ойлоп таап, сүрөт тартып отура берчүмүн. Дептерлеримдин артынын баары сүрөт. Бул үчүн апаман канча ирет уруш уктум. Батыраак чоңоюп, ателье ачкым келчү. Көртирилик кыялдарымды жеңип кетти.

Жубайлык, келиндик, энелик ролумду мыкты аткардым. Бул үчүн мага Оскар берсе жарашат. Бирок, бир нерсе жетишпей жаткандай сезиле берчү. Балдарым, же күйөөм жок мен эч ким эмес элем. Кылган ишимдин баары алар менен байланыштуу болчу. Мен киммин? Мага эмне жагат? Бактылуумунбу? Билбейм. Бир күнү телевизорду жандырып коюп тамак жасап жаткам. Кайсы канал экенин деле билбейм. Жайкы мода көргөзмөсү башталды. Көйнөктөр! Кандай кана кооз! Бирок, тиги деталы ашыкча. Эгер ал жерин алып туруп, жөн гана топчу кадап койсо сонун көрүнүп калат. «Апа, эмне деп жатасыз?» Берилип кетипмин, уулум келип чочутуп жиберди.

Унутуп калган кыялымды эстедим. Ушунча жылдан бери мага эмне жетишпей жатканын билдим. Бир орунда тура албай, акылынан тайган немедей эки жакка баса бердим. Калем! Калем! Барак таап көйнөктөрдүн моделин тарта баштадым. Жүрөгүм жарылып кетчүдөй согуп жатты.

-- Ателье ачсам кандай болот?

-- Койчу, кайдагыны баштабай…

-- Мен өзүмө жаккан иш менен алектенгим келет.

-- Сага ким коюптур?

-- Ушунча убакытымды сага арнадым. Эмне үчүн баары сен айткандай эле болот? Эмне үчүн сенин пландарың менен эле жашайбыз? Күйөөм экөөбүз катуу уруша кеттик. Аябай ачууландам, буркурап ыйладым. Ушуга чейин күйөөмө каршы сүйлөгөн эмесмин. Баарын анын оюндагыдай жасап келгем. Туптуура бир жума сүйлөшкөн жокпуз. Көңүлүм жок эшик шыпырып жүргөм. «Кечирип койчу?» деп күйөөм жаныма басып келди. Таң калып туруп калдым. «Итчилик менден кетти. Мага ар дайым жардам бергениңди, сенин колдооң менен далай бийиктиктерге жеткенибизди өзүмчүлдүк кылып унутуп коюпмун. Сен мага баардыгын шашпай айтып бер. Экөөбүз бирге ойлонуп, кандай кыларыбызды чечели. Колуман келген жардамымды берем» деди. 

Түнкү саат эки. Ателье. Кезектеги буйрутмамды тигип жатам. Чарчадым, уйкум келе баштады. Бирок, менден өткөн бактылуу киши жок.

Үй-бүлөдө өзүмчүлдүккө орун жок. Мамиле ар дайым эки тараптуу болууга тийиш. Аял менен күйөөсү бирин-бири колдоп, туура түшүнүп турса эле баары жакшы болот. Ишенип койгула!


Нурзат

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер