Эмил Жороев: “Форма-2” легитимдүү шайлоо болорунан күмөн ой жаратты”
-- Үгүт иштери, шайлоого карата бирин-бири караламай күч алды. Бул өтө жапайычылык эмеспи?
-- Аравандагы, Ысык-Атадагы, Нарындагы болуп жаткан окуялар өтө кооптуу жана саясый атаандаштыктын табиятына кирбеген нерселер. Биз түшүнүп турабыз, бир топ партиялардын арасында өтө күчтүү, жадагалса эң эле маанилүү тынчтыктын маселесин чече турган, кээ бир адамдардын жеке келечегин аныктоочу маселе болуп жатат. Ошондуктан үгүт иштери же шайлоого карата атаандаштык курчуп жатканын байкоого болот.
-- Мындай абал чыңала берсе, легитимдүү шайлоо өткөрө алабызбы?
-- Кайсы бир деңгээлде шайлоонун легитимдүүлүгү олуттуу суроо алдында турат. Күмөн жаралып калды. Анын расмий түрдө дээрлик жарым миллиондой шайлоочу “форма-2” деген жол менен ар жерден: бир айылдан бир айылга же шаарга көчүп келгендиги таңгалдырды. Мунун артында кандай манипуляциялар турат? Кандай сатып алуулар бар? Булардын баарын иликтеп чыгуу мамлекеттик органдардын милдети. Бирок мынчалык көп сандагы элдин көчүүсү таңгалдырууда. Карап көрсөк, акыркы беш жылда, мурунку шайлоодо дээрлик 1500 миллондой шайлоочу добуш берген. Ошого салыштырып көрсөк, ошолордун үчтөн бири жай алмаштырыптыр. Бул “таза, легитимдүү шайлоо кантип болот?” деген күмөн ойду жаратып койду.
-- БШКга каршы митинг болду. БШКнын ишине кандай баа бересиз?
-- БШК мурдатан эле саясатташкан, талаштуу, эң эле маселеси көп орган. Бирок, курч, күмөн туудурган иш-аракеттерде кээ бир жерде мыйзам бузуп, мүчүлүштүктөргө жол берип жатканы бул системалык түрдө болуп келе жаткан нерсе. Мунун артында бийлиги күчтүүрөк башка органдар дагы бар. Мисалы, “форма-2” боюнча БШК расмий түрдө иликтөө жүргүзүп, жарым миллионго жакын санга жеткирбей бөгөт коюу милдети болчу. Бирок, алар ал кадамга барган жок...
Жамиля Нурманбетова
"Азия Ньюс" гезити