Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Нике түндөн кийин күйөөмө жакпай калдым... Жашоом кандай болот?

Нике түндөн кийин күйөөмө жакпай калдым... Жашоом кандай болот?

24-февраль, 12:57
2 560 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Турмушка чыкканыма алты айдын жүзү болду. Баардык нерсе нике түнүбүздөн башталды. Күйөөм нике түндөн соң жакпай калганымды айтып, жүрөктү оорутту. Андан бери жашаганыбызга алты айдын жүзү болду. Мамилебиз ысыбай эле күн санап муздап барат. Кош бойлуу болуп калсам баары унутулабы дедим. Кош бойлуу да боло албадым. Эми биздин дүңгүрөгөн үйлөнүү тоюбуз эмне болот? Кайын журтум карегим менен тең айланып, “экөө жашап кетсе, балалуу болушса” деген жакшы тилектери бар. Мен да жакшы келин болуп, аларды кубандыргым келет. Бирок күйөөмдүн мамилеси дене-бойду ичиркентет. Уят гана мени бул үйдө кармап турат. Эми болсо “Москвага кетем” деп чамынып алды. Мындан аркы жашообуз кандай болот?.. Кандай кадамга барарымды билбей кыйналап кеттим ...

Арууке А.

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер