Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » “Райым мамлекетке 2 миллиард сом төлөдү, эми жайына коюшпайбы?”

“Райым мамлекетке 2 миллиард сом төлөдү, эми жайына коюшпайбы?”

12-февраль, 21:41
1 794 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Батыштын акырынан жем жешкен баягы эле баканооздор бакылдашып, акцияга чыгууга камынышууда. 14-февраль күнү Бишкектин темир жол вокзалынан тынчтык жүрүшүн жасашары маалымдалды. Чет элдин долбоорлору менен иштеген бейөкмөтчүлөр, айрым журналисттер алган акчаларын актоо үчүн жанталашып келишет. “Бөйрөктөн шыйрак чыгарышып”, ар кандай кутумдарды өткөрүп турушпаса, кайсы бир адамдарга жалаа жабышпаса, анда акчанын булагы буулуп калбайбы?..

“Райым Матраимов соттон 260 миң сом менен эле кутулуп кетебиЭмнеге камалбайт?” деп ач айкырык салышууда. Бет тырмарлык кылуунун, кылдан кыйкым издөөнүн да чеги болуш керек. Райым Матраимов өткөн жылдын октябрь айында жоопкерчиликтен качпай, тергөө менен кызматташууга барганы, ачык-айкындыкка басым жасаганы белгилүү. Үй камагына алынган. УКМК мамлекеттин казынасына 2 миллиард сом төлөөгө милдеттендирген, бул жагы аткарылды. Соттон кошумча айып пул катары 260 миң сом төлөө айтылды. Мыйзам талабына жараша процесс ырааттуу жүргөнүнө күбөбүз. Мындан артык дагы эмне болушу керек? 

Чындыгына келгенде, карапайым калктын Райым Матраимов менен иши деле жок. Асыресе, кайрымдуулук кылган, бай адам катары сыпатташат. Бизде негизи олигархтар, маслократтар өтө арбын. Качканы качышты, көпчүлүгү дүнүйө-мүлкүн жашырып жатышат. Алар боюнча эмне үчүн айтылбайт? Баягы эле “топурагы жеңил” адамга жабышып калмайды токтотолу! Бирок, бул жолу эл ичинде: “Райым мамлекетке 2 миллиард сом төлөдү, эми жайына коюшпайбы?” деп айтышууда. Тилекке каршы, батыштын проектиси менен иштешкендер гана тынчышпай, кулкундары жашыл акчага тойбой калышты го? Булардын сөздөрүнүн эч кандай таасири деле калбаптыр. Тескерисинче, элге жек көрүнө башташты...


Aryba.kg


Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер