Алишер Козуев, ЖК депутаты: “Мен саякатчы болууну эмес, саясатты тандадым”

-- Алишер мырза, саясатка аралашуу кандай ойлордон улам жаралды эле?
-- Мындан он жыл мурда мен саясатка кызыкчу эмесмин. Бизнесте жүрүп, айыл өкмөт, аким, мекеме жетекчилери менен теңата сүйлөшүп, министр, премьер-министрге чейин мамиле кылып жүрдүм. Ар кандай жумуштардын багытында, айрыкча жеке ишкерликти колдоо чөйрөсүндө. Айылыбыз үчүн колдон келген атуулдук парзды аткарып, спорт зал, мечит куруп, жол салып, демилгелүү иштерди жүзөгө ашыра баштадым. Муктаждыктарга жараша демөөрчүлүктү да улантып аттым. Депутат болгонго чейин эле өзүмө, балдарыма, жакын адамдарыма жетишерлик каражат чогулта алдым, ишкерликти өнүктүрүп. Анан анализдейт экенсиң, дүйнө кыдырып, саякатчылык кылууну, же калган энергияңды мамлекет үчүн жумшап, элибизге пайда келтирүүнү. Мен бул багытты мыйзам жазуудан, шайлоочулардын жүгүн көтөрүүдөн көрдүм. Себеби, элет жеринде көйгөйлөр көп экенин, ошолорду өзүм башымдан өткөргөн же дуушар болгон жаран катары сарасепке салып келдим. Ошентип, саясатка аралашууга кириштим.
-- Сизди коомчулукта Райымбек Матраимовго жакын адам катары сыпатташат. Аны менен биргесизби?
-- Райымбек Исмаилович биздин коңшу айылдан болот. Жаш кезимен бери билем. Ал кишинин элге, анын ичинде Кара-Суу районуна, Жоош айыл өкмөтүнө жасаган жумуштарын көрүп, ыраазы болгом. Колунда болгонун эл менен бөлүшкөнүн эрдик катары эсептейм. Терең мааниде сыйлайм. Ага-инидей жакын мамиледебиз. Ишмердүүлүктө, саясатта же бизнесте бири-бирибизге тийешебиз жок. Кол астында иштеген эмесмин. Эң башкысы, анын адамгерчилигин, жүрүм-турумун, жөнөкөйлүгүн баалайм.
-- “Мекеним Кыргызстан” партиясынан талапкер катары чыкканыңыз эсибизде...
-- Чындыгында 2020-жылы Райым акеден сунуш болуп, мени чакырган. “Ушундай партия түптөп атам, биз менен Жогорку Кеңешке талапкерлигиңди коюп, аттанбайсыңбы?” деген эле. Мен ишенген, сыйлаган адам тарабынан саясатта аянтча түзүлүп аткан соң, эмнеге баш тартышым керек? Бир ооз сөзүнөн макулдугумду берип, ошонун негизинде “Мекеним Кыргызстан” менен шайлоого чыкканбыз...
-- Учурда “Ата-Журт Кыргызстан” фракциясынан депутат болуп отурасыз. Эркин көз карашты айтууга, кайсы бир деңгээлде бийликти сындаганга мүмкүнбү? Жогору жактан тоскоолдуктар жаралбайбы? Позицияңыз кандай?
-- Бир партиянын астында иштеп аткандан кийин бекем ынтымак болушу кажет. Албетте, фракциянын чечими, багыты бар. Жеке өзүмө токтолсом, кайсы гана министрлик болбосун, эгерде туура эмес жасалып аткан иштерди көрсөм, түз эле айтып жүрөм. Буга чейинки видеоматериалдар, стенограмма толугу менен тастыктайт. Ушу күнгө чейин бийлик тараптан, же фракция лидеринен “андай-мындай кылгыла” деген команданы уга элекмин. Ак-караны ажырата билип, калыс кепке, адилеттүүлүккө басым жасайм. Фракция отурумунда ич ара сүйлөшөбүз, позициябызды билдиребиз. Эгерде бизге толук кандуу маалымат жетпей калса, лидерибиз да айтат. Негизинен өзүңдүн сөзүң, алган багытың болуш керек.
-- Адахан Мадумаровдун башына мүшкүл түшүп, башкы прокуратурадан кылмыш иштери козголбодубу, ушул боюнча кандай ойдосуз?
-- Биз деле аны жалпы жыйындан, башкы прокуратурадан ошондой сунуш келгенин төрагадан уктук. Азыр ал боюнча атайын түзүлгөн комиссия карап атат. Менде толук маалымат жок. Материал менен таанышпай туруп, ой-пикиримди билдире албайм.
-- Депутаттыкка чейин ишкерликте жүрдүңүз да. Негизинен бизнеске “каралардын” кысымы, кандайдыр бир өлчөмдө салык алуу фактылары болуп келатпайбы? Ушул жагынан карама-каршылыктарга кабылдыңыз беле?
-- Мен майда, чоң бизнесте да жүрдүм. Официалдуу айта алам, андай кысымга кабылган жокмун. Себеби, жасаган жумушум таза, төккөн салыгым ачык болсо, кимден коркушум керек? Бир гана Кудайдан корком. Башка чочулай турган нерсе жок.
-- Сын пикирлерди кандай кабыл аласыз?
-- Баардык нерсени убакыт көрсөтүп, тарбиялайт эмеспи. Башында оор сезилчү. Мага жарашпаган сын-пикирлер ыңгайсыздык жаратчу. Бирок мезгилдин өтүшү дарылайт экен. Менин башкы кеңешчим атам, кандай гана маселе болбосун акылдашып турам. Бир жолу атам айтты эле: “Балам, сынга, жамандагандарга унчукпа. Эч кандай терикпе, сенин артыңан сөз болуп атса, алдыга жылып атканың ошол. Жаратылыштын мыйзамы ушундай” деп. Ошондон кийин өзүмө дух алып, көңүл бурбай калгам.
-- Кара-Суу районунда Алишер Козуевдин таасири өсүп баратканы айтылып келет. Башында ал жерден Искендер Матраимовду эл колдоп, парламентке келгени белгилүү. Бара-бара таасир талашуу жаралбайбы?
-- Биз бир айыл өкмөттөн эки депутатпыз. Искендер Исмаилович мурдагы чакырылышта парламентке шайланган. Азыркы күндө коллегабыз. Ортобузда талаша турган эч нерсе жок. Улуулук кеңешин угам, тажрыйбасын бөлүшөм. Ал кишинин элге кылган кызматын баалап, коңшу агам катары урматтайм. Табиятынан ак жүрөк, мамлекетчил, кесипкөй кадр. Бизде эч кандай таасир талаш болбойт. Искендер аке бир мандаттуу округдан, мен партиядан шайлоого катышканбыз.
-- Анык эмес маалыматтарга карата мыйзам долбоору коомчулукта талкуу жаратып келет. Ушул боюнча сөз уласак...
-- Негизи сөз эркиндигин ар дайым колдоп келем. Биз журналистиканы өнүктүрүп, колдоо көрсөтүшүбүз абзел. Бирок, ошол эле кезде сизге окшогон күчтүү журналисттер менен чабал блогерлер бир кемеде баратат да. Жалпысынан аралашып эле калышты, жаман көрсөткөндөр да арбын. Көп учурда блогерлер журналистиканын этикасын билбей, аша чаап кеткен учурларды кайда жашырабыз? Ошон үчүн биз мыйзамдын алкагында ажырата билип, аныктап алышыбыз керек. Эми бул убактылуу көрүнүш го. Бир мезгилде, балким үч-төрт жылда блогерликтин да “модасы” кайтат. Кесибине жараша нагыз калемгерлер иштөөсү зарыл. Азыр баарыбыз көрүп аткандай, телефонду же камераны көтөрүп алып, күтүүсүз эле бирөөнүн айыбын издешет. Балким жакшы маанайды буруп, же видеону кесип алышып, каралоого, шылдың кылууга өтүшөт. Андай учурда ыңгайсыз абалда калган адамдын тагдыры, үй-бүлөсү, жакындары эмне болот? Күнүмдүк упай алуу, же “лайк” бастыруу үчүн жеңил-желпи иштерге барбаш керек да.
-- Интернет айдыңындагы башаламан чабуулдарды, орой көрүнүштөрдү кантип тартипке келтирип, ыраатка салабыз?
-- Бизде “Маалыматты манипуляциялоо” мыйзамы кабыл алынган. Бирок азыркы күндө толук кандуу иштебей атат. Бул багытта укук коргоо органдары көзөмөлдү күчөтүп, чара колдонушса болот. Мисалы, кечээ жакында эки-үч фейкти таап чыгышпадыбы. Ушундай беш-он фактыны дагы беришсе, бузукулукка баргандардын катары суюла түшөт. Азыр бирөөнү жамандап салуу оңой ишке айланды. Каалагандай аккаунт ачышат, бөрүнүн же түлкүнүн сүрөтүн коюп алышып, шыбашат дагы, кайра жок болуп кетишет.
Ал эми сырткы дүйнөгө көз чаптырсак, Батышты же Чыгышты албайлы, өнүккөн өлкөлөр гезит окушат, мыкты телеберүүлөрдү эфирге чыгарышат. Биздин коомчулук да ушул жагына басым жасашы керек. Аныгында, кандай гана теманы албайлы, анализ кылууга, профессионалдуу деңгээлде макала жарыялоого шыктанышса...
-- Эл өкүлү катары мыйзам жазууда кандай жетишкендиктерди айта аласыз?
-- Ачык айтканда, депутат болуу мага кыйла жеңил сезилди. Сүрдөө же коркуу түшүнүгү болгон жок. Ант бергенден күндөн тарта өз оюмду айтып, ишмердигимди баштадым. Бир жарым жыл аралыгында бир топ мыйзамдарга автор, авторлош катары иштеп келатам. Бир-экөөнү айта кетсем, мисалы, президентибиздин демилгеси болгон “Жер амнистиясы” мыйзамына авторлошмун. Отуз жылдан бери жер басып алгандарды алсак, 110 миң адам экен. Мунун эки эле варианты бар: баарын сүрдүрүп салып, айыл чарба багытына өткөзүү, же документтештирип, мыйзамдуу кагазын берүү керек. Бул боюнча президентибиз биздин мыйзамды колдоду. Азыр иш жүрүп атат... Ошондой эле таштак, жайыт багытында турган аңыздарды дыйкандарга трансформация кылып, айыл өкмөтүнүн балансына өткөзүп, ал жердеги ишкерлерге, дыйкандарга 10-15 жылдык мөөнөткө бак өстүрүү үчүн бөлүп берүү мыйзамына авторлошмун. Буга дагы кол коюлду, пайдалуу демилгени тартуулай алдык.
Мен мандат алганга чейин банктар, укук коргоо органдары, айыл чарба министрлиги менен иштешип, практика, тажрыйба алганым үчүн азыркы милдетимди так аткарып, жумушумдун майын чыгарууга аракетим күч. Эл үчүн жемишин берсе...
-- Соңку суроого келсек, шайланып келген кичи мекениңиздеги эң орчундуу көйгөйлөр кайсылар эле? Маселе чечүүдө ийгиликтер ишке ашуудабы? Кыскача токтолсок...
-- Кара-Суу районунда жети-сегиз жылдан бери беш мектептин курулушу токтоп калган, ошондой эле Жоош айыл өкмөтүнө караштуу 375 орундуу Зарбалик орто мектебинин курулушу башталды. Ушул иштер боюнча өкмөткө кирип сүйлөшүп, бүтүрө турган болдук. Андан сырткары, сугат суу көйгөйү курч. Мисалы, Отуз-Адыр каналына Дүйнөлүк банктан 16 миллион доллар бөлдүрүп, башынан баштап аягына чейин толук кандуу реконструкция кылдыруу, бетондоп, кошумча туннель каздырып, чоң долбоорду бүтүргөнү жатабыз. Коллегаларга да ыраазчылык, баардыгы колдоп беришти, ратификациядан өттү. Каражат бөлүндү, Кудай буюрса, курулуш күздө башталат. Өзүм жеке көзөмөлүмө алгам. Бул канал 1945-49 жылдары ашар жолу менен салынган. Андан бери канча убакыт өттү? Жарактан чыкты да. Башынан 50 куб суу коё берсең, аягына жарымынан азы жетет. Чындыгында дыйкандарыбыз кыйналып кетишкен...
Ошондой эле Ош шаарына кире турган альтернативдүү стратегиялык Т образдагы жолду алалы, узундугу 4800 метр. Муну да бүтүрүү менен автоунаалардын тыгынын чечип, элибизге ыңгайлуу шарт түзүп берели (!) деген ниеттебиз.
Мындан сырткары, Кара-Суу районундагы Ак-Таш айыл өкмөтүнө караштуу Барак айылынын тургундарынын кайрылуусунун негизинде Жогорку Кенештин жыйындарында эки өлкөнүн (Кыргызстан менен Өзбекстан) жер алмашуу маселеси боюнча комиссиянын жыйынтыгын мүмкүн болушунча тездетип чечип берүү маселесин айтып, КР президентинин администрациясынын министрлер кабинетинин чек ара маселелери боюнча атайын өкүлү, КР айыл чарба министрлигине караштуу жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттигинин директору, Кара-Суу районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы (аким) жана жергиликтүү бийлик жетекчилери менен биргеликте ушул маселени чечүү боюнча жеринде бир нече жолу чогулуш болуп, жыйынтыгында эки өлкөнүн ортосундагы жер алмашуу маселеси чечилди. Азыркы учурда жер инспекциясы тарабынан делимитация жана демаркация иштери жасалууда.