13-июлда коранавирустан 15, пневмониядан 29 адам каза тапты
Бир сутка ичинде коронавирус жуктуруп алып, дарыланып жаткан бейтаптардын ичинен дагы 15 адам каза болду. Бул тууралуу коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова брифингде билдирди.
Кыргыз-Түрк достук ооруканасынан – 4 (эркектер - 56, 56, 46 жашта жана 60 жаштагы аял киши);
Республикалык клиникалык инфекциялык ооруканасынан – 2 (70 жана 71 жаштагы аял киши);
Ак-Талаа аймактык ооруканасынан – 1 (61 жаштагы эркек киши);
Ат-Башы аймактык ооруканасынан – 1 (55 жаштагы аял киши);
Жайыл аймактык ооруканасынан – 5 (69, 67 жаштагы эркек киши жана 83, 50, 61 жаштагы аял киши);
Кадамжай аймактык ооруканасынан – 1 (77 жаштагы эркек киши);
Лейлек аймактык ооруканасынан – 1 (75 жаштагы эркек киши).
Жалпы каза болгондордун саны - 147.
Бир сутка ичинде пневмониядан 29 бейтап каза болду. Алардын ичинен 13 адам республика боюнча жана Бишкекте 16 адам.
Март айынан бери жалпы каза болгондордун саны – 452 адам.