Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Алтынбек Жумаев элчилик ээринен эмнеге ооп калды?

Алтынбек Жумаев элчилик ээринен эмнеге ооп калды?

29-сентябрь, 09:00
647 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Кыргызстандын Малайзия өлкөсүнө май айында Алтынбек Жумаев элчи катары дайындалган. Төрт ай өтпөй кызматынан кол жууду. Президент жумуштан алып салды. Себеби коомчулукка ачыкталган жок. Бул көрүнүш жакшы эмес. Дипломатияда туруктуулук калыптанбаса чатак эле. Эске салсак, Алтынбек Жумаев президенттин маалымат саясатын да жетектеп, бирок иштей албай кыска убакытта айдалган. Анын дараметин көрүп туруп, эмнеге өнүгүп аткан Малайзияга элчи кылып жөнөтүштү? Такыр түшүнүксүз. Бул кадр улам бир бийликке жылчык таап, журналистиканы жамынып алып, кара жанын багып жүрчү. ЖМК айдыңында, мамлекеттик кызматта тең өзүн көрсөтө албай, бирок кошоматтын аркасынан көтөрүлүп, кайра “талп” деп түшкөнү ушулбу? Элчиликтен адатынча жаза басып, дипломатиянын этикаларына сыйбаган жорук жасаса керек да, а болбосо “жылкы теппей” иштен алынмак беле? Төрт айда ээрден ооп калганына караганда... 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер