Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Эмне үчүн өлкөдөгү оор абалга, адилетсиз көрүнүштөргө аксакалдар үн катышпайт?

Эмне үчүн өлкөдөгү оор абалга, адилетсиз көрүнүштөргө аксакалдар үн катышпайт?

31-октябрь, 19:30
662 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Кыргызстанда мамлекеттик жогорку наамдарды алган аксакалдарыбыз өтө көп. Эмнеге алар кымбатчылыкка, элдин оор жашоосуна, дегеле коомдогу адилетсиз көрүнүштөргө карата калыс ой-пикирлерин айтышпайт?

Табылды Акеров, саясат талдоочу:

-- Ооба. Ушул маселе коомчулукту илгертен бери ойлонтуп келет. Жогорку наамдагы адам официалдуу сый-урматка ээ болгон аксакал катары таанылышы керек. Алардын кеңештери, сунуштары дайыма талданып, эл менен бийликтин ортосундагы көпүрө болушу шарт. Аттуу-баштуулар дайыма коомдо болуп жаткан терс көрүнүштөрдү бийликке билдирип, аксакалдык калыс сөзүн айтып туруусу зарыл. Бул эми теориялык жактан. 

Практикалык жактан дайыма эле андай болбой калып жатат. Буга өлкөдөгү өтө кыйын кырдаал да себеп. Канча революция соң бийлик алмашпасын, Кыргызстан оң жолго түштү деп дагы деле эч ким айта албайт. Абал оор. Бийлик көйгөйдү көтөргөн адамды жактырбайт. Аны айткан адамдын өзүн куугунтуктап, же үй-бүлө мүчөлөрүн кызматтан алып таштаган учурларды 30 жылда көп эле көрбөдүкпү. Бирок, ошондой болсо да, мамлекеттик сыйлык алган адамдар өз миссияларын унутпашы керек да. Адатта, алар өтө тажрыйбалуу, сөзү орундуу адамдар. Ошого жараша, эптеп эбин таап, бийликке өз оюн билдирип, абалдын турукташып кетишине өз салымдарын кошуп турушса болмок. Бир эсептен президент Садыр Жапаров курултайга өтө маани берип жатат. Ошол адамдар курултайдын трибунасын да пайдаланышса жарашат. Эми бара-бара саясый жана коомдук системалар турукташса, абал балким жакшырат чыгар. Биздин ардактуу аксакалдарыбыз ошондо коомдон өз ордун табышы мүмкүн.

Токтогул Какчекеев, саясат талдоочу:

-- Алар турмуштун, жашоонун ачуу-таттуусун билип калган адамдар. Итке минип, жакыр турмушта жашагандар эмес, көпчүлүгү бардар, колунда барлар. Алардын чөйрөсүндө катаал маселелер болбойт. Ошон үчүн кемчилик, оройлук, адилетсиздик эмне экенин көп деле билишпейт жана мамлекеттин, экономиканын социалдык абалдын кыйынчылыгына моюн сунбагандар болот.

Темир Бирназаров, режиссёр:

-- Аларга кымбатчылык, адилетсиздик деген нерселер жетелек болсо керек. Ошон үчүн пикирлерин айтышпайт да. 

"Азия Ньюс" гезити
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер