Буюрса, романтикалуу күндөргө аз калды...
(Эльвира Сурабалдиевага!)
Сиз мага көптөн бери жагып жүрөсүз. Сүйлөгөн сөзүңүз, көтөргөн маселеңиз, өң-келбетиңиз, айтор, баары төп келишип турат. Ойдогудай. Кырк менен элүүнүн ортосуна келип калсаңыз да жаш кыздардай кымча бел, көрктүүсүз, жылмайып гана жүргөн жарашат. Сураштырып көрсөм, бойдок экенсиз. Бирок сүйлөшкөн кара каштуу, узун бойлуу жигитиңиз жөнүндө айтышты. Ал да мансаптуу, өзүнчө кыйын болсо керек. Сизге жөнөкөй эркектаналар жакындай албасын билем да. Ойго бата баштадым. “Кара байыр” мырзадан кантип ажыратып салуу боюнча. Бир планды ойлоп таап, жакында иш жүзүнө ашырууну болжоп койдум. Ат үркүткөндөй эле чочутсам, артын карабай безе качса... Анүчүн кичине убакыт керек. Ошондо “жайлоо” бошосо, өзүм жалгыз каарман катары “жоргомду салдырып”, чыга келсем э? Кыялдануу кандай керемет! Ошентип, көңүлүбүз төп келишсе, узак жылдар бою махабат дастанын куруп, бейиштин төрүнө жеткизгендей аздектеп, тер төгүп, чыныгы бакытка бөлөбөйт белем? Буюрса, романтикалуу күндөргө аз калды...
Бир жигит
"Азия Ньюс" гезити