Акаев менен Садовничийдин дүйнөлүк экономика боюнча монографиясы жарыкка чыкты
![](/templates/aryba_kg/images/views.png)
Россия илимдер академиясынын эки академиги – биздин тунгуч президентибиз Аскар Акаев жана ошондой эле Россия Федерациясынын Москва мамлекеттик университетинин ректору В.А.Садовничий тарабынан жазылган “Дүйнөлүк экономиканын өнүгүүсүнүн санариптик циклин болжолдоонун математикалык моделдери” (2020-2050) аттуу монография жарыкка чыкты. Жарык көргөн монографиянын эл аралык экономика үчүн мааниси тууралуу токтолсок, бул монография дүйнөлүк экономиканы санариптештирүүнү өнүктүрүүгө, Индия, Кытай ж.б. ири мамлекеттердин демографиялык өсүшүнө 30 жылдык божомол болуп саналат. Аталган монографияга орус академиктери: “Сейрек, күчтүү фундаменталдык монография”. “Кандай керемет! Экономисттер үчүн 2-3 жылга кыска мөөнөттүү болжолдоолорду эсептөө бир топ кыйын, бирок бул жерде биз 30 жылдык мезгилди жана бүткүл дүйнө экономикасы боюнча билип жатабыз! Аскар Акаевичке терең ыраазычылык!” деп жогору баа берип, жылуу пикирлерин жолдошууда.
Аталган китептин авторунун бири В.А.Садовничий да “Аскар Акаевич менен өтө жемиштүү иштедик. Ал мыкты математик. Бул эмгегибиз азыр өлкө жетекчилигинин үстөлүндө турат. Бул эмгекте вирусту, ковидди болжолдоонун математикалык моделин жасадык жана экономиканы башкаруунун жолу дүйнөлүк экономиканын өнүгүүсүнүн санариптик циклин болжолдоонун математикалык моделдери камтылган” деп белгилеген. Илимпоздордун бул жараткан эмгеги биздин экономикабызга да табылгыс табылга жана эмгек болот.