Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Карышкырды тойгузсаң деле токойду карай берет. Бул Талант Мамытовбу?

Карышкырды тойгузсаң деле токойду карай берет. Бул Талант Мамытовбу?

31-декабрь, 12:29
1 702 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Мамлекеттик көйгөйдөн алсак, коррупциянын сазына белчебизден эмес, кекиртегибизден бери батып калганыбыздын дагы бир далили – Жогорку Кеңештин депутаттары 2020-жылдын 23-декабрында жаңы жыл майрамына карата өздөрүнө өтө жогорку маанай тартуулашып, чекеси жарыла кубанып турган чактары. Себеби, “өзүмдүкү дегенде өгүздөй кара күчүм бар” дегендей эле кылышты. Дегеним, шашкалакташып эки окуудан “көмүскө экономиканы ачыкка чыгаруунун жана мунапыс берүү алкагындагы” мыйзамга өзгөртүү, толуктоо киргизүү шылтоосу менен салыктан качып төлөбөй жүргөн акчаларын жана коррупциялык былык иштерин жаап-жашыруу максатында мыйзам кабыл алып отурушат. Бул мыйзамда көрсөтүлгөндөй, жаңы кабыл алуудагы өзгөртүү, толуктоолорду киргизүү менен 1 миллион АКШ долларына чейин кылмыш жоопкерчилигинен кабагым-кашым (!) дебей кутулуп кеткенге эң ыңгайлуу шарт түзүлдү. 

Урматтуу окурман, өзүңүз аңдап көрүңүзчү, бул биздин акча менен эсептегенде 82 миллион сом дегендик эмеспи?! Бул эмне, аз акчабы? Жеп-ичкичтер майдалап-чүйдөлөп тууган-уруктарына каттатып, кылмыш жоопкерчилигинен ушул мыйзамга таянышып, опоңой эле чыгып кеткени калышты. Жогорку Кеңештеги артында калбыры жок депутаттар Д.Бекешов менен Н.Никитенко: “Бул мыйзам бир гана байлар үчүн жазылып калыптыр, чын-чынына келгенде, мунун үстүндө иштегендердин баары өздөрүнүн кызыкчылыктарын иш жүзүнө ашырып жатышат. Мындай опурталдуу мыйзамды жок дегенде элдин талкуусуна коюп туруп, андан кийин кабыл алсак болбойт беле?” деп чырылдап кала беришти. Ал аз келгенсип, ушуну эле күтүп тургансып, Жогорку Кеңештин төрагасы, убактылуу президенттин милдетин аткаруучу Талант Мамытов жоо кууп келаткансып, бул мыйзамды аңды-дөңдү карабай үчүнчү окуудан өткөзүп, Чапаевчесинен кол коюп салды. 

Бир икая эрксизден эске түшөт. “Карышкырды канчалык багып тойгузба, баары бир токойду карайт” дегендей эле болду. Себеби, президенттикке талапкер Садыр Жапаров “эми оңолсо керек” деп ишеним артып, убактылуу кызматын ага өткөрүп берип жатса, Талант Мамытовдун кылганы бул! Садыр Жапаров деле ойлобойбу, бул жигит шайлоодо позициясын өзгөртүп, “досум” деген Ташиевди жандабай, азыркы президенттикке талапкер Канат Исаев экөө Шакинин чачпагын көтөрүшүп, “Кыргызстан” партиясы үчүн буттары үзүлгөнчө чуркап жүрүшкөнү жалганбы? Биздин угушубузга караганда, ошол Шаки салыгын аз төлөп, миңдеген бөтөлкө арагы жалган акциздик марка менен сатылып турганы (контрабандалык жол менен) маасалык маалымат каражаттарында, интернет булактарына чыгып кетти го? Мына ошол Шакиге жана ушуга окшогон таза эмес жеке ишкерлерге боор тартышып, мыйзамга өзгөртүү киргизимиш болушуп, депутаттар өздөрүнүн кызыкчылыктарын минтип чечип алып жатышат. Эми Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиевдин “коррупционерлерди кустуруп, мамлекеттин бюджетин толтурабыз” деген урааны таш кабабы? Себеби, бул мыйзамга киргизген өзгөртүүлөр менен толуктоолор коррупционерлердин мыйзамсыз салык төлөбөй жүргөн ишин мыйзамдаштырып, актап берип жатышпайбы? Ушундан кийин ойлойт экенсиң, депутаттарды баягы 5-октябрда эле чилдей таратып туруп, люстрация мыйзамын кабыл алганда болмок беле? Булар тараганча дагы ушуга окшогон мамлекетке 1 тыйын пайдасы жок, тескерисинче, зыяндуу дагы канча мыйзам кабыл алып жиберет, ким билсин? Иши кылып, элдин үрөйү учуп турган чагы... 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер