Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Акбөкөн Таштанбеков, ЖК депутаты: “Берген акчасы уурдалып жатса, эл нааразы болот да”

Акбөкөн Таштанбеков, ЖК депутаты: “Берген акчасы уурдалып жатса, эл нааразы болот да”

08-февраль, 19:53
453 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Акбөкөн Дүкенович, электрдин баасын көтөрүүгө сиздин көз карашыңыз кандай?

-- Бул эми айласыз нерсе. Дүйнөнүн баары кымбаттап атат. Бул деле кичинекей баладай да. Балаңызды ооруканага алып барганда ыйлайт эмеспи, ийне сайдыртпай. Бирок, сиз анын ыйлаганына болбой ийне сайдыртасыз, ичин тазалатасыз. Себеби, мындан анын ден соолугу жакшы болуп кетерин билесиз. Албетте, бул чара да элге көп жакпайт, бирок кээ бир нерсени айласыздан кылып жатат да өкмөт деле. 

-- “Тармакты электрдин баасын көтөрүү жолу менен эмес, өндүрүштүк жоготууларды, уурдоолорду азайтуу менен сакташ керек” деген да пикирлер бар. Сиз ушуга кошуласызбы?

-- Өндүрүштүк жоготуулар деле болушу мүмкүн, бирок мен жоготуу жүз пайыз экенине ишенбейм. Ырас, адамдык фактор бар, ошол эле контролерлор уурдашат, жешет. Эсептегичти деле адам ойлоп тапкан да, аны токтотуп, же артка иштетип коюш да адамдын колунан келет. Боорукербиз баарыбыз. Коррупционер кармалганча аны сөгөбүз, кармалгандан кийин боорубуз ооруп, “камабаш керек” деп комментарий жазабыз. Ошон үчүн бир колго камчыны алышыбыз керек. Токоч менен иштете албагандан кийин, камчы менен иштетүү зарыл. Ансыз болбойт. Тармак талкаланып калат. Энергетиканы сактап калуунун дагы бир жолу бар. Ал – кредит. Же тарифти көтөрүү керек же кредит алыш керек. Биз кредит алып отуруп ушул акыбалга келдик да. Жакында энергосектордун баасынан да кредитибиз өсүп кетет. Сиз туура айтып атасыз, акчаны чогултуп гана чектелбей, аны үнөмдөп коротууну да билиш керек. Уурдатпа, жедирбе! Эл эмне үчүн нааразы болот? Берген акчасы уурдалып жатса нааразы болот да. Эл баарын көрүп турат. 

"Азия Ньюс" гезити
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер