Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » “Кадрдык башаламандыктын аягы көрүнбөй...”

“Кадрдык башаламандыктын аягы көрүнбөй...”

04-март, 09:00
621 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Бүгүнкү бийликтеги кайсы жетекчинин ишмердиги купулуңузга толбой турат? 

Мавлян Аскарбеков:

-- Негизи өкмөттүн иши отчеттордо абдан жакшы, бирок реалдуулук такыр башка. Конкреттүү фактыларды келтире кетейин. Акылбек Жапаров “бир ай ичинде баардык мал базарларды иретке келтирип, элге шарт түзүп беребиз” деген. “100 күндүн ичинде Кыргызстанда мыйзамсыз менчиктештирилген бала бакчаларды кайтарып, оңдоп, ишке киргизебиз” дегенине да бир жыл өттү. “Бишкек шаарында тыгын маселеси мартка чейин чечилбесе, Бишкек мэри кетет деди. Эртең март, бирок тыгын маселесин чечүү мүмкүн эмес. Саламаттык сактоо министри аконит кайнатып, разборкаларга барып, базар экономикасында мамлекеттик аптекаларды ачууда. 30 пайыздан ашуун жараныбыз жакырчылыкта жашап, согуштун айынан мигранттарыбыз айласын таппай жатса, социалдык өнүктүрүү жана миграция министрлигине кандай гана министрлер келип жатканы таңкалтырбайт. Жакында эле көлгө губернатор болуп барган адам үч айга жетпей кызматтан кетти. Эми кадрдык башаламандактын аягы көрүнбөйт…

Төлөгөн Келдибаев:

-- Азыркы президенттин жанында жакшы иштей турган адам жок болгондуктан, интеллектуалдык деңгээли бийик кадр өтө сейрек, же кадр саясаты начар десем болот. Өнүккөн өлкөлөрдө “саясатка барам, мамлекетти башкарам” деген адам өзүнүн командасын бир топ жылдар бою түптөп, анан бийликке өзү менен кошо алып келет. Биздики күтүүсүз жерден түрмөдөн чыгып, президент болуп шайланып калганына байланыштуу, тегерегинде мурдагы бийликтерде жүргөн эле адамдар топтолуп алышкан. Президенттин жанында жакшы иштеп бере турган адамдардан бир-экөө эле бар, ошол себептен кадр саясаты абдан начар. 

Интеллектуал катары көйгөйлөрдү туура чечкенди, татаал идеяларды түшүнгөндү, тез окуп үйрөнө алуу мүмкүнчүлүктөрүн камтыган акыл-эс жөндөмдүүлүгү жогору адамдарды айтабыз. Ошондой адамдар президенттин айланасында жокко эсе. 


 "Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер