Акыркы кабарлар
» Коом » Белгилүү адамдарды “өлдү” деп жалган маалымат тараткандар кимдер?
Белгилүү адамдарды “өлдү” деп жалган маалымат тараткандар кимдер?
03-август, 17:19
948 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌Марлен Жолдубаев деген жаран куудул Борончу Кудайбергеновду каза тапты деп соцжелеге жалган маалымат таратып жиберген. Бул жарандын жосунсуз жоругу коомчулуктун кыжырын келтирүүдө. Марлен Жолдубаевдин орунсуз, одоно “тамашасына” Борончу Кудайбергенов өзү телеканалынан жооп берди.
Жакынкы күндөрү ЖК депутаты Бакыт Төрөбаевди, белгилүү саясатчы Өмүрбек Текебаевди да мындай орунсуз тамаша менен тамашалашкан. “Эмне кызыкчылык менен жана алар кимдер? Мындайларды ооздуктабаса, ушундай абалга түшкөн адамдар көбө береби?” деп чочуркайсың.