Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Дале өлүмдөр бар, коронавирустан дагы үч адам каза болду

Дале өлүмдөр бар, коронавирустан дагы үч адам каза болду

22-сентябрь, 11:57
1 385 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын 22-сентябрагы маалыматына караганда, кечээтен бери Кыргызстанда бул инфекциядан үч адам каза болду. Жалпысынан өлкөдө коронавирустан көз жумгандардын расмий саны 2595 адамга жетти.

Соңку бир күн ичинде вирус дагы 72 адамдан табылды. Алардын эң көбү Бишкек шаарында (37 адам). Өлкөдө бул оору жуккандардын расмий катталган саны 177 миң 941 адамга жетти. Бир күндө 100 адам айыгып, ооруканадан чыкты. Азыр ооруканада 542 адам жатат, дагы 862 бейтап үйдөн дарыланууда.

Кыргызстанда 2020-жылдын март айында башталган коронавирус эпидемиясы июль айында курчуп, көп киши каза болгон. Оорунун экинчи толкуну октябрда болгон. Быйыл июнь айында күн сайын 2 миңдей бейтап жаңы катталып жатканда өкмөт оорунун үчүнчү толкуну башталганын жарыялаган. 24-августта үчүнчү толкун басаңдап баратканы расмий айтылды.
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер