Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Бир миллиондон ашык бейтаптын жанын алган COVID-19 дагы күч алабы?

Бир миллиондон ашык бейтаптын жанын алган COVID-19 дагы күч алабы?

29-октябрь, 12:07
336 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

АКШдагы Джон Хопкинс университетинин эсебинде, дүйнө жүзүндө коронавирус 43 миллиондон ашык адамга жукту. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму (ДССУ) быйыл март айында COVID-19ду пандемия деп жарыялагандан бери 1,1 миллион бейтап жан берди. Уюм дүйнө лидерлерин токтоосуз чара көрүүгө чакырды.

Бир катар мамлекеттерде коронавирус жуккан адамдар кескин көбөйгөн маалда ДССУнун башчысы Тедрос Аданом Гебрейсускөптөгөн жарандар карантиндин айынан өзүн-өзү чектегенден тажап, «пандемиялык чарчоодо» жүргөнүн белгилеп, бирок сактык чараларына кол шилтеп койбоого чакырды.

Гебрейсус дүйнө лидерлерин эксперттердин айткандарына кулак салып, «COVID-19ду саясатташтырбоого» үндөдү:

«Биз азыр пандемиянын эң оор баскычында турабыз. Алдыдагы бир канча ай өтө оор болот жана айрым мамлекеттер татаал жолго түшөт. Көп мамлекеттерде ооругандар кескин көбөйүп, ооруканалар, абалы оор бейтаптар дарыланган бөлүмдөр октябрь айында эле толуп калды. Биз дүйнө лидерлерин өлүм-житимдин алдын алууга жана саламаттык сактоонун негизги кызматтарын сактоого чакырдык”.


 "Азия Ньюс" гезити


Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер