Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Ташиевге киллер жалдануу коркунучу барбы?

Ташиевге киллер жалдануу коркунучу барбы?

26-октябрь, 22:08
681 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Жакында эле өзбекстандык үч кылмышкер УКМК тарабынан кармалып, алар Камчы Көлбаев үчүн өч алууга келгени кабарланган. Ал сакалчандардын аракеттерине, мүмкүнчүлүктөрүнө канчалык баа берилгени, реалдуулукка кандай таасир этери талданган эмес. Кургак гана сөз жүзүндө айтылып, пиар катары кабылданган. А түпкүлүгүндө эл аралык “ворлор”, Көлбаевдин санаалаштары өз ара масилеттешип, чын эле өч алууга кадам салышсачы? Бул таризде ар кандай божомолдор айтылууда. УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевге карата киллер жалдануу коркунучу орун албайбы? “Сактыкта кордук жок” дегендей, ички-сырткы кылмыш дүйнөсүн саресепке салып, талдоо жүргүзүп, алдын ала маалыматтар менен иштөө керек го? Камчыбек Көлбаевдин насаатчысы Азим Рой чет өлкөдө жөн жүргөн жокпу? Каржылык жагынан таасир жараткан, байланыштары күчтүү адам кек сактабай элеби? Ушул тариздеги түркүн соболдордун түйүнү чийеленип жатса керек... 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер