Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Меңди Мамазаирова, жазуучу: “Молдолор “шариятта төрт аял алууга уруксат” дешип, бузукулук кылышууда”

Меңди Мамазаирова, жазуучу: “Молдолор “шариятта төрт аял алууга уруксат” дешип, бузукулук кылышууда”

08-июль, 20:43
1 827 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Меңди эже, эмнегедир эл арасында “мектеп жашындагы балдардын мечитке баруусуна көз салуу зарыл” делген маселелер айтыла баштады. Чын эле бул жагдайга маани бериш керекпи?

-- Мектепке жакын жашагандыктан жогорку класстын кээ бир балдары жума намазга баргандарын байкап калам. Менде эки ой бар. Биринчиси, эркек бала бой жете баштап, улуурак жакындарынын үгүттөөсүнө кирет окшойт. Али акыл-эси калыптанып бүтө элек өспүрүм чоңоюп, эки жакты элеңдей карап баштаганда же спирт ичимдигин ичкен жерге кызыгып, “ооз тийип” көрөт, же кандайдыр бир нерсе жасагысы келип турганда мечитке үгүттөгөндөргө кирип кетеби дейм.

Акыл-эстүү ата-эне ушул өткөөл куракта (переходный возраст) балага өтө этият болушу керек. Үй-бүлөдөгү кыраакылык, көзөмөл өтө зарыл. Туура жолго салганга аракеттенүү жакшы натыйжа берет. Ал эми акылы эми токтолуп калганда, чыныгы диндин маанисин түшүнгөндө, ар кимдин өзүнүн тандоосу туура катары кабылданса керек. Ага чейин түшүнүп-түшүнбөй, ар кандай агымдарга кирип кетүү коркунучу туулат эмеспи.

-- Тыюу салып, түшүндүрүү иштерин жүргүзсө да жүздөрүн жабышып, никаб кийгендер азыр да бар. Алар бетин жапкандарды эмес, башка жагын ачкандарды биринчи тартипке келтиргиле деген ойлорду кыйытып жатышат…

-- Дегеле бетин жапканга, никаб кийгенге каршымын. Кыргыздын кыздары ат жалында ойногон, жүзүн жаппай эркин өскөн. Бул биздин улуттук наркыбыз, ата салтыбыз. Капкара никаб кийгендерди көргөндө бүткөн боюң титиреп, оюңа жаман нерселер келет экен.

Илгери күйөөсү жаш өлгөн келиндин чачын жайып, белин кыл чылбыр менен бууп, капкара кийгизип, алдына төшөктү калыңдап салып, кошок коштуруп, кырк күн же андан да көп мезгилге отургузуп коюшчу. Ал кыл чылбыр белин кыйып, айрымдары арыктап каза да болуп калчу экен. Күнөөсү жок келиндер ошентип наркы дүйнөгө кеткенде "күйөөсүнүн артынан кетти деп "мактап", аңыз кылып айтып калышчу тура. Тим эле күйөөсүнүн өлүмүнө келин себепчиден бетер. Бул салт өтө катаал жана ырайымсыз. Ошондуктан кара кийгенди көргөндө кооптоносуң, адамдын бүткөн бою титиреп кеткени ошондон.

Азыркы кыргыздын кээ бир кыз-келиндери жаман жорукту башташып, бөтөн элдин жосунуна киришип, капкара кийинип атышат. Наристелерди оронтуп, алардын балалыгын да уурдашууда. Тырмактай кыздарынан бери оронтуп, аша чаап кеткендерге айтар сөзүм бар: сырттан кирген акчага азгырылып, убактылуу туйтунганга маашырлана бербегиле. Баары бир бөтөн элди туурап, алыска кете албайсыңар. Алар силерди өздөрүнө эч качан кошушпайт. Ошон үчүн наристелерди азгырбагыла. Бизди ата-бабадан калган мыкты салт гана баардык жамандыктан сактап каларын эсиңерге түйүп алгыла!

-- Соцтармактарда диний радикализмге үндөгөн ар кандай чакырыктарга күч органдары реакция кылышы керекпи? 

-- Диний радикализмге үндөгөн ар кандай тымызын, сырдуу чакырыктарга тыкыр мамиле кылып, көзөмөлгө алуу керек. Аларда бир гана элди бөлүп-жаруу деген максат бар. Себеби, артында башкарып аткан, чоң каражаттарды берип аткан кожоюндары бар. Бийлик катуу тыюу салганча оңой олжого туйтунуп алгысы келишет. Мына ошолорго органдагылар киришип, тыйып койсо болот эле. Эмнегедир анчалык катуу чара көрбөй жатышкансыйт.

-- Динди бетине кармашып, сакал коюшуп, хиджаб кийгендер деле жосунсуз жоруктарды жасашып, элди таңгалдырып келишет. Алардын жоопкерчилигин кандай ойлойсуз?

-- Мени кыргыз катары кыжалат кылган иш ушулар. Аталарыбыз илгери эле айтып коюшкан да “чала молдо дин бузат” дешип. Сакал коюшуп, хиджаб кийгендердин жүрүш-турушу төп келбегенин көрүп жүрөбүз го? Чыныгы динди билишпейт, түшүнүктөрү жок. Баарынан да эң гумандуу дин ислам экенин чыныгы аалымдар жазып, айтып жүрүшөт.

Буларды эки түргө бөлсө болот. Чындап диндар адам болоюн деп аракет кылып, аягына жете албагандар, же сакал коюп, дин жолуна түшкөн адамдай көрүнүп, башкалардан сый-урмат күткөндөр, же кыларга иши жоктор. Булар ара жолдо жашап жүргөн пенделер да. Коомдогу ак эмгеги менен күн көргөн адамдарга тоскоолдук жараткандар. Көмүскөдөн зына кылышып, ачуу сууга каныгышып, бир нече аялга нике жасай койгон жан бактылар…

-- Акыркы мезгилде интернетте “интим гимнастиканы үйрөтөм, ден соолугуңа кам көр” дегендер көп чыга башташты. Таңгалдырганы, алардын көбү жоолукчандар. Ушундай иштер менен алек болгондорду кантебиз? 

-- Интернеттен жосунсуз жоруктарды жасагандар да ошолор. Айланып келип эле акча жасоого ашыгышат. Акча дегенде ар түрдүү трюктарга барышат. Кыскасы, алардын сырткы түрү менен ичи эки башка. Андайларды чет элдик видеолордон деле көрүп атпайбызбы. Бизде деле жамынган, таанымал эле бирөө кыз узатууда жосунсуз жоруктарды жасаган видеосу тарады эле го. Негизи «молдонун айтканын кыл, кылганын кылба» деген сөз туура.

-- Эмнеге биздин динчилдер катар-катар аял алганды олжо көрүшөт? Же биз мусулманчылыктагы “төрт аял алса болот” деген жерин эле туу тутуп алганбызбы? 

-- Биздин молдолор “шариятта төрт аял алууга уруксат” дегенди жамынып алышып, алар да ошондой жолго барышат. Чын-чынына келгенде, бул деле бузукулуктун бир түрү да. Мурдагы жубайы, бала-бакырасын жакшылап багып, тарбия бергендин ордуна, жаңы, жаш аял алганга умтулушат. Андан көрө бир үй-бүлөдөгү балдарга талаптагыдай тарбия, таалим берген жакшы эмеспи.

Молдолордун жоругун көргөн эркектер улам бир аял алышып, бирок бир да үй-бүлөсүн жөндөп карай албаган фактылар толтура. Көп аял алуу зыян, андайда таза, сергек, коомго керектүү граждандар эч качан тарбияланбайт. Эң жаманы: кароосуз, адепсиз, максатсыз, билимсиз муун өсүп чыгат. Ата-эненин ортосундагы жылуулук жок, үй-бүлөлүк сый бүлүнгөндө өксүктө калган балдар көбөйөт. Өзүнүн утурумдук кызыкчылыгын ойлоп, улам жаш аял ала берген эркек өз балдарына идеалдуу ата болуп жарыта албайт. Бул социалдык оор көйгөй.   


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер