Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Кенибиздин башын бошотуп, канадалык компаниядан кутулганыбызга кубаналы

Кенибиздин башын бошотуп, канадалык компаниядан кутулганыбызга кубаналы

21-апрель, 20:45
1 008 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Кумтөр кенинин Кыргызстанга толугу менен өткөнүнө жарым айдай болуп калды. Бул арада Кыргызстандын кен боюнча канадалык компания менен макулдашуусун сындап, “мындан Кыргыз мамлекети утулду” деп чыккандар да болду. Бирок бийлик бул ири кенди өлкө кызыкчылыгына иштетүүгө мындан башка жол жоктугун билдирүүдө. Чындыгында, 30 жыл илгери чет өлкөлүк компаниялардын колуна өтүп, акырындык менен көпчүлүк үлүш аларга туура келип калган кендин биз билбеген сырлары көп болчу. 

Мында биржа фондунун мыйзамдары башкы ролду ойнойт. Анын ой-чуңкурун көбү эле түшүнө беришпейт. Түшүнбөгөндөн кийин “Кыргызстан макулдашуудан утулду”, “Эмнеге доодон баш тартышты?” деген сыяктуу сын жана суроолор жаралат. Ошондуктан, жалпак тил, адабияттын негизинде айтканда аллегория менен түшүндүрүп көрөйүн. 

Кыргызстанды жигит деп элестетели, эми гана бой жетип, турмуштун ачуу-таттуусун көрө элек кезинде ага Канаданын “Камеко” деген кызы жолукту. Жигиттин тажрыйбасыздыгын пайдаланып, башын айлантып, турмушка чыгып алды. Баары мыйзам чегинде болду, мамилелерин расмий каттоодон өткөрүштү (келишим, парламенттин ратификациясы). Кийинчерээк, “Камеко” ысымын өзгөрттү, “Центерра Голд” болду, бирок заты, максаты ошол бойдон калды. Акырындык менен Кыргызстанды алдап, ишендирип, анын мүлкүнө болгон өзүнүн үлүшүн көбөйтө берди, тапкан пайдасын үй-бүлөнүн жалпы бюджетине короткон жок, төркүнүнө, демек, өз чөнтөгүнө ташыды. Ар бир билбестиктин көзү ачыла турган учуру келет. Кыргызстандын дагы аң-сезими өсүп жетти, канадалык селкинин алдап жатканын түшүндү. Эмне кылуу керек? Албетте, ажырашуу. Бирок баары мыйзам чегинде бекилип калгандан кийин жылаңач бойдон кууп чыга албайт. Ортодо акциялары – балдары бар. Сотко барышабы? Албетте, сотко барса болот, бирок эл аралык мыйзамдарга ылайык, анда мүлк 50-50 пайыз менен эки тараптын тең пайдасына чечилип калат. Ата-бабасынан калган мүлктү качандыр бир акылынан тайганы үчүн атасы тааныбаган бирөө менен бөлүшүп калгысы келбейт. Ошондуктан, маселени жай отуруп, ич ара сүйлөшүп, сотко жеткирбей тынчтык жолу менен чечишип алуудан башка жол жок. Кыргызстан мында туура кадам жасады. Кен толугу менен өзүндө калды, ал эми доо, ар кандай документтер ашыкча убакытты алган, ашыкча чыгымды талап кылган татаал процесс. Башкысы, байлыгыбыз өзүбүздө, аны бизден эч ким талаша албайт. 

Бул эми тамашалуу түшүндүрүү болду. А эгер олуттуу карап айта турган болсок, эл аралык сотко жетүү бизге оорчулук жаратмак. Убагында канадалык компаниянын кызыкчылыгын жогору койгон келишимдерди өз колубуз менен мыйзамдаштырып бергенбиз. “Колуң менен жасаганды мойнуң менен тарт” дейт. Аны ойлонбой, күч менен тартып алып, доо коюу – бизге, мыйзамды сыйлабаган өлкө катары дүйнөнүн санкция салуусуна да жеткирмек. Бир убактарда президент Алмазбек Атамбаевдин чет өлкөгө барып, санкциядан улам 3 күн учагына арест салынып, уча албай калганын эстегиле. Өлкө башчысына ушундай мамиле жасалгандан кийин жакшы нерсени күтүп болбойт. Ошондуктан, макулдашууну сындабай, эң башкысы кенибиздин башын бошотуп алганыбызга, канадалык компаниядан кутулганыбызга кубанышыбыз керек.


Бакыт Бакетаев, саясат талдоочу 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер