Акыркы кабарлар
» Саясат » Ишке ашпас ойлору менен коомчулукту алагды кылган Масадыков
Ишке ашпас ойлору менен коомчулукту алагды кылган Масадыков
05-ноябрь, 08:09

Кыргыз элине акыл үйрөткөндөр көп да. Ар бир шайлоодо Таалатбек Масадыков пайда боло калып, өзүн көкөлөтүп, пиар иштерин кызыта баштайт. Көптөн бери жөн жатпай, улам бир эфирден чыгып, ишке ашпас ойлорун таңуулап келүүдө. Өзү болгону эл аралык уюмдарда иштептир, аткаруу кызматтарында тажрыйбасы жок, кылган эмгеги белгисиз го? Коомчулук бул боюнча эч нерсе билбейт. Аңдаганыбыз кургак сөздөр. “Кой аксагы менен миң” дегендей, саясый талаада үн катып, кызмат үмүт кылуу менен президенттик шайлоолорго катышып турбаса, ооруп калабы?
"Азия Ньюс" гезити