Акыркы кабарлар
» Жанирмем » Күйөөм “тозокко түшөсүң, ошол жакта күйүп кал” деп бата берет
Күйөөм “тозокко түшөсүң, ошол жакта күйүп кал” деп бата берет
31-июль, 22:36
1 261 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌Турмушка чыкканыма 8 жыл болду, эки балам бар. Айылда жашайбыз, акыркы күндөрү күйөөмдөн эч жылуу мамиле көрө албай келем. Ооруп калсам, “эч нерсе болбойт” деп көңүл бурбайт. Колумдан келишинче аракет кылып, күйөөмдөн жакшы сөз уккум келет. Тамак кылсам, аным жакпайт, кирин жуусам, “кийимим бир нерсе жыттанып жатат” дейт. Кичине эле туура эмес иш кылсам, “сен туура тозокко түшөсүң, ошол жакта күйүп кал ылайым” деп бата кылат. Кечке тирилик менен алышып чарчайм. Мага бир сом акча бербейт, уйкудан туруп баягы жашоо кайра уланат. “Ажырашып кетейин” десем эки балам бар. Аларды ойлойм. Жаман да болсо атасынын жанында. Бирок айткылачы, жашоо ушунча супсакпы?..
Нурила