Куушмай башталабы? Ош ШИИБнин өздүк курамы Марлис Асановго нааразы
Бурулайдын өлүмүнө айыпталып, убагында кызматынан кеткен Марлис Асанов карьералык секириктерди жакшы жасап келет. “Таанышың болсо танкасың” деген кеп ушул жигитке куп жарашчудай. Талас облусунун башкы милициясынан Ош ШИИБ начальнигине дайындалып, бирок өзүн көрсөтө албай чайналганы ырас. Өздүк курамга кыялын салып, кырс мамиле жасап, майда-барат нерселер үчүн сөгүш бергенди адатка айландырып, коркутуу менен башкарууга өтүп алганы сынга кабылууда. Марлис Асановго нааразы болгон кызматкерлер бизге тоголок каттар менен кайрылышууда. Чын-бышыгын иликтейбиз.
Баса, Ош ШИИБнин кылмыш иликтөө бөлүмүнүн начальниги Чыңгыз Айтымбетов милдетин так аткарбай, көмүскө бизнестери, сауналары менен алектенип калганына баа берилеби? Мыйзамда мамлекеттик кызматкер башка иштерге, коммерцияга аралашпаш керек. Бул жагына жогорку жетекчилик көз салып, тескеп коёбу? Албетте, суроолор жоопсуз калбашы керек.
Кыскасы, Ош ШИИБнин ички атмосферасы мактанарлык эмес. Жакында коллектив түп көтөрүлүп Марлис Асановго нааразычылык билдиришип, келген жагына узатып коюшабы? Эмесе, күтө туралы.