Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Жылдыз айымды “урушчаак” дешет. Бирок жайдары мүнөзүн көрдүм...

Жылдыз айымды “урушчаак” дешет. Бирок жайдары мүнөзүн көрдүм...

15-ноябрь, 19:30
2 545 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

(Жылдыз Бекбаевага!)

Көптөн бери Жылдыз айымды Фейсбуктан акмалап, кесипкөй адис катары баалап жүргөм. Сүрөттөрү чыгып калса карап коём. Анан бир күнү таанышыман сурасам, “анын кыялы жаман, урушчаак” деп айтты. Дароо тизгин тартып, этияттап калгам. Жакында бир дүкөнгө кокусунан чогуу кирип, жанаша соода кылып атпайбызбы. Тагдырдын тамашасы. Чочулап жүргөн адамым сылык, ачык мүнөз, жайдары экен. Таанышууга ниет кылып, бирок “тил угуп калам го...” деген ойдо артка кетенчиктедим. Ошентип, ал күн бир бактылуу ирмем катары эсте калды. Инттернеттен кат жазууга ашыгып, дагы эле тартынам. “Тааныбаган адам эле жазып атса, кандай жооп узатат болду экен?” деген санаркоого кабылам. Телефон номерин деле издегенге аракет кылган жокмун. Өзүмчө бушайман болуп жүрөм. Угушума караганда бойдок окшойт. Мына ушул гана үмүт берип, алдыга жетелейт. Кезигише турган күндү күтөм...


Азат 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер