Турсунбек Акун, укук коргоочу: “1990-жылдардан бери менчикке чыгып кеткен объектилердин баарын мамлекетке кайтаралы”
-- Турсунбек мырза, “Ататүрк” паркындагы үйлөрдү сүздүрүү талаш-тартыш жаратууда. Ириде жерлерге уруксат берген мэрлерди, соодалап жибергендерди жоопко тартса болбойт беле?
-- “Ататүрк” паркын “мыйзамсыз басып алгандардан тазалайбыз" деген бийликтин аракетин колдойм. Паркка үй салууга уруксат бергендер жана парктан кызмат абалынан пайдаланып жер алгандар да тийешелүү жазасын алышы керек. Ошондой эле эч нерсени билбей жерди акчага сатып алган жарандар жабыркабашы шарт. Алардын акчасын мэрия толук кайтартып берип жана ушундай абалга жеткирген бийлик ээлери мыйзам жоопкерчилигине тартылышы абзел.
Мен Айбекти "бүлдүргүч мэр" деп айта албайм. Ал өз кызматын аткарып жатат. Бирок ал тамдарды түрттүрүүдө бейкүнөө үй салган же сатып алган адамдардын укугу тебеленбей, баары соттун чечими менен жасалышы керек.
-- Бирок, мигрант болуп жүрүп, тапкан акчасына үй сатып алгандардын каражаттарын мэри төлөп бергенге күчү жетеби?
-- Чогулган эл кайда иштеп, кантип үй сатып алгандарын айтып, чырылдап жатышат. Ошон үчүн алар күйбөй тургандай кылып, мэрия соттун чечими менен үйлөрдү түрттүрө турган болсо, үй сатып алгандардын акчасын соттун тыянагы аркылуу төлөп бериши керек. Мэрия мыйзамдуулукту сактап, жер, үй сатып алгандардын укугун тебелебеши зарыл.
-- Аталган парктан жер алып, үй салып, сатып жибергендердин аты-жөнүн жарыялаганы эле жетиштүүбү же аларды дагы жоопкерчиликке тартыш керекпи?
-- Аттарын эле жарыялоо аздык кылат. Анткени, дээрлик чиновниктер үйлөрү туруп, кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланышып, ошол жерлерди алышкан. Алардын атын эле жарыялап койбой, “кызмат абалынан кыянат пайдаланды” деп кылмыш ишин козгоо зарыл. Ошондой эле “Ататүрк” паркынан жер алгандарды жана алардын балдарын, жакындарын кызматка койбой жазалаш керек. Сабак болчу иш кылбаса, мындай терс көрүнүштөр токтобойт.
Мамлекет жакшы ишти баштадыбы, эми мен айткандай жол менен аягына чейин чыксын. Ошондо гана парктардын, спорттук объектилердин, бала бакча, мектеп, ишканалардын жерлерин басып алуу токтойт. Эртеби-кечпи мыйзам иштеп, мамлекет тартып аларынан кооптонуп калышат.
-- Мыйзамдуулукту “Ататүрк” паркынан баштап орнотуу керекпи же андан мурунку жылдарга да кайрылабызбы?..
-- 1990-жылдан баштап сатылып, арзыбаган каражатка менчикке чыгып кеткен объектилердин баарын мамлекетке кайтарыш керек. Ошондо гана чиновниктер да, эл да талап-тоноочулукка барбайт. Мамлекеттик кызматта иштегендер да ашыкча байлык жыйнагандан, мамлекетти уурдагандан кооптонуп калышат.
"Азия Ньюс" гезити