Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Алмаз Тажибай: “Путин өз сөзүнөн артка кайтпаган адам, бул согуш тез арада токтобойт”

Алмаз Тажибай: “Путин өз сөзүнөн артка кайтпаган адам, бул согуш тез арада токтобойт”

05-апрель, 09:00
1 264 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Украина–Россия эмнеге мындай кырдаалга кептелишти? Кандай жолдорду көрүп турасыз?

-- Россия демократиялык өнүгүүдөн 20 жыл мурун баш тарткандыктан жана Путиндин автократиялык бийлигинин саясаты ишке ашырылып, Украинадагы ушул согушка алып келди. Путин тегерегиндеги олигархтары менен чогуу ресурстарга бай өлкөнү өз пайдасына иштетип жана пайда тапкан ресурстарды эли менен тең бөлүштүргөн эмес. Ошонун кесепетинен элдин жашоосу начарлап, демократия жолу менен барбай, тескерисинче, адам укуктарын жана башка маанилүү демократиялык институттарды кысымга алган. Демократиялык Россияны көздөгөн орус элитасын нейтралдуу абалга алып келип, керек болсо оппозицияны куугунтукка алып, камап жана өлтүрүлгөн амалдары белгилүү. Элди нааразылыктан алаксытып, "Россия дүйнөсү" жана империялык идеологиясын көздөп, чет жактагы орустарга каршы душмандарды таба коюп, ошолорду күнөөлөгөн. Путин өзүнүн саясый идеологиясынын барымтасынан чыга алган жок. Ошондуктан Батыш, өзгөчө Америка Кошмо Штаттарын “Батыш Россия элине эле эмес бүткүл дүйнөгө бузуку баалуулуктарды алып келет” деп демократиялык өнүккөн өлкөлөрдү душман катары көргөзгөн. Өз бийлигин жана өзү түзгөн режимин сакташ үчүн алдыга озгон стратегиясын көздөгөн. Ал стратегиясынын максаты – Россияга лоялдуу мамлекеттерди чогултуу. Ошон үчүн ЕАЭБ бажы биримдиги, ЖККУ аскер уюму жана башка регионалдык уюмдарга киргизип жана аларды жетектеп келген. Андан башка Батыш өлкөлөрүн энергоресурстар менен арзан баада камсыз кылуу аркылуу өз пландарын ишке ашыра баштаган. 

Сакартвело (Грузия) жана Украинадагы демократиялык реформалардан өз элине натыйжалуу пайда көрө албастыгынын айынан ошол мамлекеттерге тийишип баштаган. Башкача айтканда, Россияга окшогон автократиялык өлкөгө айланышына жардам берген жана күч менен бурган. Макул эместерди, Батыш жакка карагандардын территориясын аннексия кылган. Сакартвело Абхазия жана Түштүк Осетия (2008), Молдова Приднестровья (1992), Украинада Крым аралы жана Донбасс менен Луганск аймактары 2014-жылы айырмаланып калышкан. Украинаны Россия жакка буруш үчүн Янукович 2010-жылы бийликке келгенде Украинанын 2012-жылы кабыл алынган стратегиялык чечимине Европа биримдигине интеграцияга баруудан жана ага мүчө болушунан баш тарткан. 

-- Ошондуктан Украина саясый күчтөрү 2013-2014-жылдары каршылык кылып майданга айланган да...

-- Ошол учурда Янукович бийликтен качып, Путиндин колдоосу менен Россияга баш калкалаган. Путин ошол кырдаалдан колдонуп, Крымды мыйзамсыз аннексия кылып, Донецк жана Луганск облустарын республика катары сепаратисттерди колдоп таанып алган. Ошол 2014-жылдан бери согуш токтогон жок, бирок Минск (2014-2015-жж.) келишимдери боюнча жоо активдүү фазадан пассивдүү чыр-чатак абалына келтирилген. Ушул 2022-жылы 24-январдан баштап Россия “Украинага атайын аскердик операция” деген шылтоо менен толук кандуу согуш жарыялады. Украина эли согуштун айынан жабыркап, айылдары, шаарлары бузулуп, миңдеген адамдар өлүп, миллиондогон качкындар пайда болуп, тышкы агрессияга каршы күч менен күрөшүп жатканына дүйнө жүзү күбө болуп жатат. Бул согуш тез арада токтобойт. Анткени Путин өз сөзүнөн артка кайтпаган инсан. Согуш токтосо, тынчтык келишимде Путиндин амбициясы ишке ашырылышы керек, “Путин согушту утту” деген максатта. Мисалы, Донецк, Луганск облустары жана Крым Россиянын аймагы катары тааныган нейтралдуу статуска ээ болуу чечими чыгарылышы шарт. Согушту токтотууга үч жол бар: 1) Украина капитуляцияга барат, 2) Украина компромисс жолу менен өз суверенитетке таанымал территориясын жоготот, 3) же Россия аскерлерин территориясынан кууп чыгат. Биринчи менен үчүнчү вариант ишке ашуусуна күмөн аз. Ошондуктан Батыш өлкөлөрүнүн санкциялар жана башка амалдары менен Украина Корея жарты аралындай Батыш жана Чыгыш жакка бөлүнүп калышы мүмкүн...


Жамиля Нурманбетова 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер