Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Жылдыз Жолдошова: “Коррупция менен күрөшүү бир тараптуу, тандалма сыяктуу жүрүүдө”

Жылдыз Жолдошова: “Коррупция менен күрөшүү бир тараптуу, тандалма сыяктуу жүрүүдө”

04-март, 23:14
1 164 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Эркек мүнөздүү Жылдыз Жолдошова айымды 2-март туулган күнү жана кыз-келиндердин 8-март майрамы менен кызуу куттуктап, эч качан оорубай, бала-бакырасы менен амандыкта балпайган байбайбиче болсун (!) дедик. 

Өлкөбүз эгемен алган жылдардан ушу күнгө чейин коомдо өз орду бар, такшалган, тапталган саясатчы экенин билебиз. Кылтыңдабаган, бир мүнөз, досторун сатпаган адамгерчиликтүү, чындыкты тайманбастан бетке айткан жагынан алдына эч кимди салбаганын көргөзө алды. Анан кыскача кепке тарта кеттик. 

-- Жылдыз айым, Камчыбек Кыдыршаевич иниңиздин дарегине катуу сындар айтылып атат. Ошону менен бирге алкоолор да жок эмес. Буга болгон көз карашыңыз? 

-- Камчыбек Ташиев чынында эле өтө мекенчил инсан. Коррупция менен күрөшүү бул бир көрүнүш, УКМК, финпол ж.б. тийешелүү мекемелер, чындап контрабанда менен күрөшкөндө гана булактын көзү ачылып, республиканын бюджети толот. Башкача айтканда, эбегейсиз акча каражаттары мына ушу контрабанда жаатында жатат. Коррупция жана кош катар контрабанда менен күрөшүүгө күчтү жумшаш керек. Камчыбек Ташиев азыркы учурда чоң, эбегейсиз жүктү көтөрүп турган чагы. Аракети чоң. Бирок, бир аз кемчиликтерди байкайм. Коррупция менен күрөшүү бир тараптуу болуп, тандалма сыяктанып жаткансыйт. Кээ бир коррупционерлер президенттик шайлоодо президенттин колтугуна кире калышты эле, аларды камоо эмес, сөз айта алышпай жатышат. Анан дагы камоого келгенде кылдат изилдеп, өч алуу айлампасынан чыгып, адилет мамиле жасалса деген тилегим бар. Анткени адамдын тагдырынан өткөн кымбат нерсе жок. Эки дос өздөрү да бир кезде “акыйкатсыздыктын” курманы болгондорун унутпаса дейт элем.

-- Туулган күнүңүздү кандай шартта өткөрөсүз? Бишкектин белгилүү бир ресторанында чакан жамаат менен деп угуп калдык... 

-- Мен сыйлаган “Азия Ньюс” гезитине чоң рахмат, туулган күнүмдү таң эрте куттуктаганыңар үчүн. Жылдар зыпылдап өтүп атат. Бир чети өкүнөсүң, бир чети ушул күнү баардык санаалаштарым, ага-тууган жек-жааттарым, үй-бүлөм болуп үйдө эле өткөрөм. Саат 17:00гө дасторкон кенен жайылып, конокторго эшик ачык болот. Баардыгын бир саамга унутуп, тамак үстүндө жакшы сөздөр, каалоо-тилектер  айтылат. 

-- Башмыйзамды талкуулоодо сизде кандай ойлор жаралды (алымча же кошумчасы менен)?

-- Башмыйзамды конституциялык кеңешмеге ишенем, өтө кылдаттык менен үч бийликтин балансы сакталбай калган беренелерди кайрадан карап чыгышат (!) деп.


Сурат Жылкычиев 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер