Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Атамбаев: “Икрам, келбей эле койсоң болмок. Кет!” деп учурашпай кол шилтептир

Атамбаев: “Икрам, келбей эле койсоң болмок. Кет!” деп учурашпай кол шилтептир

20-август, 21:04
3 776 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Байлыкты басып коюп, “чыйт” түкүрүп, баягы Икрамжан Илмиянов да жыргап жашап жүрөт. Шопурлуктан президенттин аппарат башчысынын орун басарлыгына чейин көтөрүлүп, өлкөдөгү кадр саясатын, бизнес жаатын көзөмөлдөп, дээрлик акча булактарын тейлеп калганы жашыруун эмес эле. Мындайча айтканда, кызарган жердин баары Икрам аркылуу жайгарылчу. Ошентип, катардагы шопур көпөскө айланып, Алмазбек Атамбаевдин бийлиги учурунда кыйла кутурган. 

Кийин Сокенин кезинде “Алдамчылык” беренеси менен гана камалып, соттолуп, көп өтпөй түрмөдөн бошоп кеткен. Негизи жеңил жаза менен кутулганы сокурга да маалым. “Кустуруу” ишине илинбей, бизнесин гүлдөтүп жаткандыр. Байлыкты жашыруу, тымызын иш кылуу таризинде кыйын экен. Буга да кезек келеттир. Икрам “куспаса”, анда бийликке сөз тийип калбайбы? Кечээ эле баарын бийлеп, башкарып, чиригенче байыган эргул кантип көз жаздымда калсын? Буга азыр Атамбаевдин командасы да болушпайт. Себеби, ал жактан “саткын” катары кубаланып чыкканы белгилүү да. 

Кызыгы, эки жарым жыл мурда Алмазбек Атамбаев абактан чыкканда, барган элдер суюлуп калганда (кырдаалды сырттан байкап), Икрам кудасы Абдышүкүр ажыны ээрчитип, бир челек суу менен үйгө кирип барышат. “Замзам” дешип. Ал жердегилер баары таңгала карап калышат. Анан Атамбаев: “Икрам, келбей эле койсоң болмок! Кет бар...” деп учурашпай кол шилтейт. Социал-демократтардын жаштары сабап салууга обдулушканда, экс-президент тийгизбей коёт. “Сөзгө калбайлы, тийбегиле балдар!” дептир. Ошентип, шылкыйган боюнча жолго түшөт. 

Дагы кайталап коёлу, бул эргул жакшылап “окшуп” берүүгө милдеттүү!  


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер