Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Алмазбек АКМАТОВ, ЖК депутаты: «Президенттин тапшырмасын өзүм көзөмөлдөйм»

Алмазбек АКМАТОВ, ЖК депутаты: «Президенттин тапшырмасын өзүм көзөмөлдөйм»

20-декабрь, 16:38
733 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Алмазбек Жумабекович, мына жакында быйылкы жыл жыйынтыкталганы турат, бир жыл ичинде кандай иштердин өтөсүнө чыга алдыңыз?

-- Президентибиз 2019-жылды «Региондорду өнүктүрүү жана санариптештирүү жылы» деп жарыялаган, мындан улам аймактарды өнүктүрүү багытында иш аракеттерди жүргүздүк, колубуздан келген жумуштарды аткардык. Жакындагы иштен баштасам, 9-декабрда менин демилгемди комитеттин мүчөлөрү колдоп, Нарын шаары жана Нарын районунда агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитеттин көчмө жыйынын өткөрдүк. Анткени, Нарын районунда таза суу маселеси өтө чоң көйгөйлөрдүн бири, мындан башка Нарын шаарында саркынды сууларды тазалоо ишканасы менен суу каналы азыр өтө начар абалда. Ушунун баарын анализдөө үчүн 5-6 айылды кыдырдык, эл менен көзмө-көз жолуктук. Нарын шаарындагы саркындыларды тазалоо ишканасын, андан агып чыккандын баары Нарын дарыясына куюп жатканын депутаттар жеринен көрдү, суу каналынын абалы менен таанышты. Комитет жыйынына тийиштүү министрликтердин, ведомстволордун, агенттиктердин жетекчилерин чакырып, Нарын облусунун губернатор, аким, мэр, айыл өкмөттөрүн катыштырып чоң талкуу болду. Орчундуу маселелер комитеттин чечимине киргизилип, өкмөткө жиберилди, эми комитеттин көзөмөлүндө турат. 

-- 23 чакырым жолдун курулушу боюнча маселе чечилиптир, бул чынбы?

-- Ооба, менин демилгем менен Бишкек--Нарын--Торугарт жолунан үнөмдөлгөн акчага Он-Арча--Асма көпүрө 23 чакырым жолун куруу маселеси чечилди. Транспорт комитетинен чечим чыгартып, 20-30 депутаттын колун койдуруп, эл аралык долбоорлорду каржылаган 5 банктын макулдугун алып, алар менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, маселе жанданды. Биринчи этабында 10 чакырым деди эле, азыр 23 чакырым болуп, Кызыл-Жылдыз айылынан баштап Он-Арча суусунун асма көпүрөсүнө чейинки жолдун каржылоосу чечилди. Долбоордун жалпы суммасы 7 миллион 100 миң АКШ доллары. Азыркы учурда иш жүрүп жатат. Жолдун туурасы 7 метр, 4 көпүрө салынат. Бул жол – федералдык маанидеги жол болуп эсептелет. Анткени, бул жол аркылуу Нарынга кирбей Тогуз-Торо менен Ак-Таала райондоруна каттоого болот, ортодо 40 чакырым аралык кыскарат. Азыр чаң жутуп кыйналып жаткан айылдардын жолдорунун баары оңдолот, жээгине тротуарлар салынат. Мурунку асфальттар ички көчөлөргө төшөлүп, жергиликтүү калк иш менен камсыз болот. Жол куруучу подрядчиктер менен сүйлөштүм, алар бала бакча, окуу борборлоруна демөөрчүлүк жардам беришет. Эл абдан ыраазычылыгын билдиришүүдө. Мындан сырткары, Чет-Нура айыл өкмөтүнүн Төш-Булак айылынын 300 гектар жерине суу жетпейт экен, бул маселе 20 жылдан бери чечилбей келе жатыптыр. Караңызчы, союздун саясатына ылайык суунун баарын Өзбекстандын пахта тааласына өткөрүп, Нарын дарыясынын жээгиндеги жерлерге суу жеткен эмес. Ошол жерге насостук станция курдуруу үчүн парламенттен маселе көтөрүп, өкмөткө кайрылып жатып 26 миллион сом бөлүндү. Тендер өттү, азыркы учурда жумуштар башталды. Быйыл 10 миллион сом бөлүндү, кийинки жылы 16 миллион сом берилет. Айтор, 300 гектар жерге суу чечилди, айылдыктар бүт ыраазы, өзүм барып эл менен жолугушуп келдим.

-- Мектептер боюнча дагы маселе көтөрүп жүрдүңүз эле?

-- Нарын районундагы Эмгек-Талаа айылындагы мектептин абалы менен да жеринен тааныштым эле. Мектеп авариялык абалда, бир капталын устун менен таяп коюшуп, балдарды окутуп жатышыптыр, бул мектепти да өкмөткө кайрылып, титулдук тизмеге киргизип, азыр 3 миллион сом бөлүнүп, жумуш башталып жатат. Бул маселе да менин жеке көзөмөлүмдө турат. Чет-Нура айыл өкмөтүндөгү Ийри-Суу айылындагы мектеп да авариялык абалда, ӨКМ пайдаланууга жараксыз деген корутунду чыгарган экен, балдар коркунучта окуп жатыптыр, бул боюнча да маселени коюп жатабыз. Премьер-министр «өлкө боюнча ӨКМ 200дөй мектепке жараксыз деген кортунду чыгарыптыр, карап бүтүрөбүз» деди. Достук деген айылда дагы ушундай абалдагы мектеп бар экен, аны да капиталдык ремонттон өткөрүүнү суранып кат жиберишиптир, республикалык бюджетке киргизгенге аракеттенип жатабыз. Жерге-Тал айылында А.Табалдиев атындагы 600 орундук мектептин жылуулук системасы жарактан чыгып калган экен, «күзгө чейин бүтүрбөсөк кычыраган кышта 600 окуучу окубай калат» деп тынбай өкмөткө кайрылуу коюп жатып, мектептин жылуулук системасын толук ремонттон өттү. Айыл тургундары рахмат айтып жатат. Ошол айылда балдардын билимин, кол өнөрчүлүгүн өркүндөткөн райондук борбордун жылуулук системасы үчүн да 2 миллион сом бөлүнүп, балдар жылуу жерде билим алып жатышат. 

-- Таза суу жаатында долбоорлор иштей баштаганын, эл аралык уюмдардан каражат келип жатканын билебиз, аймактарда абал кандай?   

-- Таза суу боюнча жогоруда айтылган көчмө жыйын да болду, көп маселелер көтөрүлдү, иштин жүрүшү менен таанышып, суу чарба департаментинин жетекчилигине сунуштарыбызды бердик. Президенттин жеке тапшырмасы менен быйыл 500 млн. сом бөлүнмөк, 350 млн. гана берилиптир. Президенттин тапшырмасынын аткарылышы көзөмөлгө алынышы керек деп жылдын аягына чейин 150 миллион сом бөлүнмөй болду. Өзүм да көзөмөлдөйм. Акча бөлүнсө Кара-Чий айылындагы таза суу долбоорунун жумуштары уланат. Ошондой эле Кыргызстан боюнча дотациядагы отурган бир нече айыл өкмөттөр бар, аларды республикалык бюджетке киргизишибиз керек. Мисалы, Ак-Талаада бир мектептин котелу жарабай калыптыр. Мамэкотехинспекциясы жараксыз, котел жарылып кетет деген корутунду чыгарыптыр. Тийиштүү министрлик, ведомстволорго кат жазышса, «анын баарын айыл өкмөттүн эсебинен жасайсыңар» деген жооп келет экен. Айыл өкмөт өзү дотацияда отурса кантип жасатат? Ошентип отурганда котел жарылып кетсе, балдардын коопсуздугуна ким жооп берет? Мына ошону көтөрүп чыгып, көзөмөлдөп жатам. Талас облусунун Акназаров айыл өкмөтүнө караштуу Үрмарал айылынын тургундары кайрылып, союз маалында чала курулган Кушубак Султаналиев атындагы мектепти капиталдык ремонттон өткөрүүнү суранышкан. Бул маселе боюнча да 5 млн. сом бөлүнүп, мектеп ремонттон өттү. Кыскасы, айыл жергесиндеги эл менен тыгыз байланыштабыз, жыл сайын согуштун ардагерлерин куттуктап, жардам беребиз, Нарында күзгү жыйып-теримден кийин жылдын жыйынтыгы менен түшүм майрамы болот. Оюн-зооктор өткөрүлүп, ат чабыш, улак тартыштар болду, демөөрчүлүк колдоо көрсөттүк. Элден айланса болот. 

-- Турдакун Усубалиевдин ысымын даңазалоо демилгесин көтөрүп жүрдүңүз эле, 100 жылдык маараке купулуңузга толдубу? 

-- Кыргыз мамлекетинин түптөлүшүндө Турдакун Усубалиевичтин орду чоң инсан. Союздун курамында турганда Москвадан акча бөлдүрүш кыйын болгон. Ал киши кадырын салып, өлкөбүздүн ийгиликтерге жетишине салымы зор. Ала-Тоо аянты, заңгыраган имараттар курулду. Мал чарбачылыгы, дыйкан чарбачылыгы, энергосистема, ирригация, дагы көптөгөн тармакты жолго койгон, жемишин бүгүн көрүп жатабыз. Мындай инсанды кадырлап-баркташыбыз керек. Мындан улам Т.Усубалиевдин ысымын борбордогу Киев көчөсү, тарых музейине ыйгаруу сунушун Жогорку Кеңеште эң биринчилерден болуп мен көтөрдүм. 100 жылдыгы жакшы өттү, Нарында, Ысык-Көлдө эстелиги тургузулду. Мааракеде президентибиз Бишкек шаарынын бир районуна атын берүүнү айтты, ал аткарылат буюрса. 

-- 7-8-август күндөрү Кой-Таштагы окуяга абдан кабатырландыңыз, жакында аны иликтеген комиссиянын кортундусу талкууланган маалда да Жогорку Кеңеште пикириңизди билдирдиңиз, чындап эле кырдаал оор беле?

-- Биз жайкы каникулда жүргөн кезде ошол опурталдуу окуя болду, чынын айтканда, өлкөнүн тагдыры ошол күндөрү аябай кооптуу болуп турду. Эмне болуп кетерин эч кимибиз билбей, селейип турдук. Төңкөрүштөн коркуп калыптырбыз. Кезексиз жыйын чакырылганда мен өзүмдүн атуулдук позициямды билдирдим. “Качанкыга чейин революция кайталанат? Үчүнчү революцияны кыргыз мамлекети көтөрө албайт” дедим. Анын алдында Түркияга барып келген элек, аларда дагы аскер төңкөрүшүн жасоо аракети болгон, үч жылдыгын көрүп аябай таасирлендим, «менин мамалекетим, менин өлкөм» деп президент элге кайрылганда бүт баары желегин көтөрүп көчөгө чыгып, танканын алдына жыгылып, тынчтыкты сактап калышыптыр. Ошондон улам “мамлекет башчысынын алдына биригели, президент элге кайрылсын, азыр мародерлор күтүп отурушат, алар баштайт, андан кийин аймактарды бөлүп-жарган регионалисттер чыгат, андан соң сепаратисттер баш көтөрөт” дедим. Ошто эмне болгонун көргөнбүз, башаламандыктан пайдаланып мамлекетти жоготконго аракеттенишкен. Биз аларды эстен чыгарбай, мындан ары революция эмес, эволюция жолуна түшүшүбүз керек. Элдин биримдиги баарынан кымбат. 


"Азия Ньюс" гезити



Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер