Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Шаршекүл Аманова: “Жолдошум Эрлан Бекчоро уулу башаламандык уюштурмак эмес”

Шаршекүл Аманова: “Жолдошум Эрлан Бекчоро уулу башаламандык уюштурмак эмес”

27-ноябрь, 23:35
1 652 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Эки айга камакка алынгандардын арасында саясатчылар, журналисттер, активисттер бар. Биз алардын жакындарынан ар жума сайын пикир алып, гезит бетине чагылдырып турмакчыбыз. Бул саам Эрлан Бекчоро уулунун жубайы Шаршекүл Аманованын сөзүн угуп көрдүк.

-- Шаршекүл айым, Эрлан иним менен байланышып атасыңбы? А негизинде аны камакка алуу жагы кандай болуп кетти?

-- Эрлан менен көрүшпөй элебиз. Жолукканга болбойт экен. Болгону жактоочу менен кат аркылуу байланышып атабыз. Акыбалы жакшы, духу күчтүү. Өзүңүздөр билгендей, 23-октябрь күнү сегиздер чамасында милициялар келип, үйүбүздү тинтүүгө алышып, анан Эрланды алып кетишти. Өзү жарандык активист, эркин журналист катары бийликкке карата өз оюн, сын-пикирин ачык айтып келген. Акыркы күндөрү Кемпир-Абад боюнча жеке пикирин жазып жаткан. Аны дагы башкалардай эле Кемпир-Абад иши боюнча “Массалык башаламандыкты уюштуруу” (!)  беренеси менен айыптап жатышат. Бирок, бул негизсиз. Эч кандай далил жок. Анткени Эрландын оюнда да, ниетинде да ызы-чуу чыгаруу жок болчу. Жазган постторун карасаңыздар, ал жакта эч кандай мыйзамга каршы чакырыктар жок. Болгону өз оюн ачык айтканы үчүн камакта отурат. 


Сурат Жылкычиев 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер