Акыркы кабарлар
» Коом » Балдардын интернет колдонуусуна чектөө киргизүү сунушталууда
Балдардын интернет колдонуусуна чектөө киргизүү сунушталууда
08-июнь, 17:13
754 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌Жогорку Кеңештин 7-июндагы жыйынында айрым мыйзам актыларына, тагыраагы, «Укук бузуулар жөнүндө» кодексине, «Кыргыз Республикасында балдардын ден соолугуна, дене-бой, интеллектуалдык, психикалык, руханий жана адептик өнүгүүсүнө зыян келтирүүнүн алдын алуу боюнча чаралар жөнүндө», «Массалык маалымат каражаттары жөнүндө» мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүүнү сунуштаган долбоор каралып, биринчи окууда колдоо тапты. Анда балдарга зыяндуу маалыматтарды интернет булактарынан чектөө маселеси каралган. Талкуу маалында депутаттар балдардын туура маалымат алуусуна ата-энелер жооптуу экенин белгилешсе, экинчи тарап санариптик өнүктүрүү министрлиги аркылуу чектөө киргизүү керектигин белгилешүүдө.
Бөлүшүү: