Сиздин көздөр көкүрөккө чаң салды...
(Датка-Айым Кеңешовага!)
“Эл эмне дейт?” деген берүүнүн айрым үзүндүлөрүн көрүп калып, сизге болгон кызыгуу оргуштады. Инстаграмдагы сүрөттөрүңүздү барактап, кыргыздын нагыз кызынын сулуулугуна арбалдым. Мындай сезимдер баардык эле кыздарга ойгоно бербейт эмеспи. Мен сизди чындап жактырып калдым окшойт. Түшкө да кирип... “Эмне кылуу керек?” деген суроого баш катырам. Демейде кыздардын башын оңой эле чимирилтчү элем, бирок сизге даай албай, кетенчиктеп турганыма таңгалам. Баса, “Быштак” деген каймана аты бар Актан Рыскелдиевди тойдон кармап алып, андан телефон номериңизди сурасам, кызганып атып араң берген, бирок сактай албай калыптырмын. Кандай болгон күндө да, жакында экөөбүз таанышып, жакшы маанайда сүйлөшөбүз (!) деген ойдомун. Дене-мүчөң, баардык жагыңыз төп келген кыз экенсиз, а көздөрүңүз өзгөчө карайт экен, көкүрөккө чаң салды. Мындай көздөрдү мен эч жерден таппай жүргөм... Үйлөнүү үчүн колуңузду сурасам, кандай керемет жашоо башталат э?..
Кайнар С.
"Азия Ньюс" гезити