Шайлоого карата ой жорум
Жогорку Кеңешке шайлоо үгүт иштеринин башталганына бир жума боло элек. Квартальныйды аңдыгандар жана үйүнүн жанында котологон эркектердин саны арбын. А берирээк жагында кошуна аялдар өздөрүнчө саясат жүргүзүп жатышат. Инаят деген кошуна келин укмуш. Көзү ачыктай эле кээ бир нерселерди айтып коёт. Түшүнө аян береби деп да кетем. Шаардык кеңешке шайлоодо ар бир үйгө кирип “тиги баланча сом таркатып атат, бул түкүнчө эле берем” деп кошуналардын баштарын далайга ооруткан. Ошо Инаят деген келин бу жолу да квартальныйдын үйүнө кирип кеткенине жарым саат болуптур. Чыкса баарын божураса керек. Күтүп атышат. Чыдамы кеткендер үйлөрүн көздөй бет урду. Жалаң ушакчылар калышты. Арасынан бирөө суурулуп чыгып, мени көздөй келатат. Билмексенге салып үйүмө кирип кеткенге үлгүрбөдүм. Допусун чокусуна кондуруп алган Исмат кошунам капталдагы чөнтөгүнөн насвайын алып чыгып, алаканга чактап туруп ээгине ыргытты да кеп баштады, “Эу кошуна, бу жолу да шайлоонун пачагы чыгат окшоп калды. Элдин аң-сезими бовой калыптыр. Талапкерлер жөнүндө бир да сөз кылбай эле акча жөнүндө капирип атышат” деди. “А сенчи?” десем, “мага да акча керек, бүт баары кымбат. Кечээги алган 6 миң сом пенсиямдын 4 миң сомуна продукту алдым. Жакында светтики чыгып келет. Ошого калтырдым. Россиядагы балам эки ай болду пул сала элек, иши бовой аткан имиш. Ортончу кызымдын контрагы бар. Эң кичинемдин мектептеги маалимдери акча сурап тажатышты. Быйыл кыш катуу болот окшойт. Элдин баары көмүр алып атат. Мен а жөнүндө ойлоно элекмин” деди да төбөсүндөгү допусун колуна эки бүктөй салып, тиги аялдарды көздөй бет алды.
"Азия Ньюс" гезити