Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Кумтөрдүн эртеңи бүдөмүкпү? Нью-Йорк соту кандай чечим кылат?

Кумтөрдүн эртеңи бүдөмүкпү? Нью-Йорк соту кандай чечим кылат?

23-август, 16:52
1 365 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Кумтөр баарыбыздын жүрөк жарабызга айланды. “Сот иштери ийгиликтүү чечилип, Кумтөрдүн экономикага салымы уланса” деген тилектебиз. Бирок көп иштер, маселелер алдыда. 

Бүгүнкү күндө Кумтөр боюнча эки сот процесси жүрүп жатат. Бул тууралуу 17-августта Биринчи радионун уктуруусунда экология жана климат боюнча мамлекеттик комитеттин башчысы Динара Кутманова маалымдап чыкты. Анын айтымында, баары Нью-Йорктун сотунун банкрот боюнча чечимин күтүп жатышат.

“Centerra Gold Inc” биздин өлкөдө катталган “Кумтөр Голд Компани” банкрот катары табылышын каалайт. Эгерде бул маселени сот “Centerra Gold Inc’дин” пайдасына чечсе, анда Кумтөрдүн ишин токтотууга туура келет” деди ал.

Анын айтымында, банкроттук соту бүтмөйүнчө, “Кумтөр Голд Компанинин” ишмердүүлүгүнө байланыштуу башка эч кандай сот чечимдери күчүнө кире албайт. Мисалы, 260 миллиард сомдук санкциялар боюнча соттун чечими бүгүнкү күнгө чейин токтотулду.

“Баардык чечимдер токтотулган. “Centerra Gold Inc” ар кандай жол менен тоскоолдук кылат. Бул чечимдердин баары убактылуу тышкы администрация тарабынан тоңдурулган. Анткени алар банкроттук боюнча сот “Centerra Gold Inc’тин” пайдасына чечилсе, анда кенди таптакыр токтотуу керек экенин түшүнүшөт” деп кошумчалады ал. 

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер