Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Коронавирус – мүмкүнчүлүктөр маалы

Коронавирус – мүмкүнчүлүктөр маалы

07-июнь, 09:32
1 214 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

(Уландысы. Башы өткөн санда)


Болбосо биз көрдүк да, “бул мамлекет диктатуралык жабык болгондугунан ушундай болду” десе, дагы бири “булар ашынган, көчөгө чыгып кеткен бейжүгөн демократтар” деп бир топ дебаттар да болуп кетпедиби.

Бирок бүгүнкү күндө дүйнөдөгү бардык аналитик эксперттер пандемияга каршы күрөштө Кытайдын башкаруу системасы эффективдүүрөк экенин бир ооздон белгилеп жатышат, бул деле эске ала турган нерсе. Бирок, сөздү азыр башка адамдын интеллектуалдык жана руханий деңгээлине бурмакчыбыз.

Ушундан улам пандемия жаңы башталган кезде Кыргыз эл жазуучусу Султан Раевдин “Руханий жардылыктын пандемиясы же абийирдин карантини” деген терең маанилүү бир материалы интернет айдыңында жарык көрдү (Султандын кийинки китептерин жана макалаларын Кыргызстанда түшүнгөн адам деле аз эле болсо керек). Ал бул оорунун көбөйүү динамикасы менен ага каршы алгоритм аракеттеринин эпидемиологиялык мүнөзү эле эмес, анын гуманитардык, нравалык жагына басым жасап, жакшы чечмелептир. Албетте, бул апаат “Топон” менен “Жанжазанын” авторунун жан күйгүзүп дагы бир жолу кайрылып жатканын түшүнсө болот.

Мындан туптуура 34 жыл мурда супердержаванын жетекчиси Горбачевдун кеңешчиси Ч.Айтматов өз аброю менен дүйнөлүк таанымал ойчулдарды Ысык-Көлгө чогултуп ой чаптырып, өз ойлорун, көңүлдө жүргөн көйгөйлөрүн ортого салышкан эле. Алардын бардыгы ошол мезгилинде коомдун өсүп-өнүгүшүн жөнөкөй адамдарга караганда бир кадам алдыга көрө билген инсандар эле. Алардын ою, максаттары атом бомбасынын кылымында кантип Жер планетасын сактап калабыз деген изги каалоо эле. Мына андан бери 34 жыл өтүптүр, бул тарых үчүн бир кыпындай гана болгон мезгил да. Ошол кыпындай мезгил ичинде дүйнө болуп көрбөгөндөй өзгөрдү, СССР картадан жок болду, технология укмуш өстү, ушуну туура баамдай алган Султан чыгармаларында ушул жаңы чакырыктар менен проблемаларды чечүүдө, адамдардагы нравалык климатты түзүүдө, аны калыптандырууда интеллектуалдарга чоң роль таандык деп ишенимдүү айтып келет. Бүгүнкү дүйнө техникалык жактан ушунчалык өзгөрдү, интернет менен электрондук байланыштарды эске албаганда да, био, нанотехнология, жасалма интеллект, маалыматтуулук жана санариптештүрүү ж.б. биригип адамдардын ортосундагы мамиле да өзгөрдү, бирок адамдагы нравалык, акыл-эс, абийирдүүлүк, ар-намыс, улууну урматтоо, кичүүнү сыйлоо дегендей кылымдардан келе жаткан (кайсы улутта болбосун) ушундай баалуулуктар кризиске учуроодо. 

Ошондуктан Султандын айтымында, “биз жаңы ойлордун, бир гана жаңы көз караштардын эмес, керек болсо бүтүндөй коомчулуктун аң-сезиминин өзгөрүүсүнүн босогосунда турабыз деген терең ишенимдебиз. Биздеги руханий, маданий, экономикалык жана адеп-ахлактык жалпы мейкиндиктин механизмдерин жаңы форматта кайра түзүүгө эбак эле муктаждык бышып жетти деп ойлойм. Коомдун аң-сезимин кайра модернизациялоо (жаңылоо), адеп-ахлактык каада-салт, нарк-насилдерди кайра форматташтыруу жолу менен. Анүчүн биз эң оболу адеп-ахлактык өзүн-өзү тазалануу саясатына муктажбыз. Биздин коом ар түркүн дүйнөтаанымдардын, дүйнөбий (светтик), религиялык ж.б. көз караштардын полигонуна айланганын жашыра албайбыз. Ден соолук же мамлекеттик коопсуздук, экономика же адабиятка тийиштиги бар өзгөрүүлөргө байланышкан суроолорбу, ал бизге маанилүү эмес, бизге адамдын жандүйнөсү менен интеллекттик экологиясынын суроолору маанилүү. Бир жагынан бул суроолор актуалдуу, анткени алар адамдын керт башын калкалоо жана өмүрүн сактап калуу суроолоруна түз тийешеси бар”.

Мына бүгүнкү күндүн талабы. Эгерде мындан 30 жылдай мурда адамзатты кантип сактап калабыз деген маселе башка кырынан туруп, анын негизги күнөөкөрлөрү атом бомбасы менен тирешкен эки система болсо, бүгүн андан башкачараак, адам баласына баш бербеген, анын күчү адегенде жете бербеген пандемия деген же ушуга окшогон апаат мезгилде кандай аракеттер болушу керек? Ал үчүн адамзат өзү кандай болушу керек? Ошондон улам Султан белгилеген руханий, маданий, экономикалык жана адеп-ахлактык деген биздин мурдатан калыптанган түшүнүктөрдүн комплекси да кайсы жагына өзгөрүш керек? Мындай апааттардын мезгилинде биздин психологиябызда миңдеген жылдардан бери жашап келе жаткан “душман”, “бизге каршы”, “ал бизди басып алат”, “бизди кул кылат” ж.б.у.с. нерселер шоона эшпей, бул түшүнүктөр тарыхтын акыр-чикир ташталган челегине ыргытылып, биз бардыгыбыз тең эми “сен кембагал, мен бай”, “сен кара, мен ак” дебей, кичинекей планетаны сактап калуу, анын байлыктарын, табиятын акыл-эс менен пайдалануу артта калган өлкөлөргө өздөрүнүн спецификалык өзгөчөлүктөрүн сактап, өсүп-өнүгүүгө болгону консультативдик жардамдарды гана уюштуруу максатка туура келет. Аны да эгер алар макул болсо. Болбосо миңдеген жылдан келе жаткан жашоо образын бузбоо керек.

Эми ушундай жалпы адамзаттык маселелерден жакындап, өзүбүздүн кичинекей республикабызга келсек. Ушундай дүйнөдөгү кырдаал өзгөрүп, мамлекеттер ортосундагы саясаттар өзгөрүп, “сен душман”, “сен жаман, мен жакшы” дегендей түшүнүктөр артка жылып, кантип өсүп-өнүгөбүз, кантип жашайбыз деген ойлор астыга чыгып жаткан кезде биздин да (тышкы саясат өз алынча болоор) негизги максат ички саясатыбызды, экономикабызды, турмуш тиричиликти оңдой турган бейординардуу кадамдарды жасап, адамдарды таңкалтыра турган, аларга эртеңки күнүнө ишеним тартуулай турган чечимдер кабыл алынса. Өзүбүздү өзүбүз камсыздай ала турган прагматикалык саясатты жүргүзүүбүз абзел.

Биздин президенттин колтугунда жүргөн (Атамбаевдин тушунда да ошолор анын тегеректеп жүрүшкөн) молдо чалыш жигиттердин айтымында, ал киши беш убак намаз окуйт деп туура келген-келбеген жерде дайым белгилеп келишет. Демек, ошол чын болсо, чыныгы мусулмандардын өлкөсү Сауд Арабиядан мисал келтирейин. Ал өлкөдө жакынкы он жылдыктарда нефть, газ запасы түгөнөт. Анан “кантип жашайбыз?” деген маселе турат. Мекке, Мединадан түшкөн каражат менен деле жан бакса болот, бирок бул жетишсиз. Ошондуктан Сауд падышасы өзү баш болуп 200-300дөй ишкерлерин ээрчитип Японияга эки жолу визит жасады. Максат – табигый байлыгы жок япондор кантип жашоодо, ошону үйрөнүү. Мына прагматикалык саясат. Бизде да Кудайга шүгүр, тообуз, суубуз, көлүбүз, дыйканчылыкка ылайыктуу жерибиз бар, бирок негизи биздин байлык интеллектуалдык деңгээли бар элибиз деп келебиз. Ал интеллектуалдык деңгээл союз убагында түптөлгөн эле, алар эми бүтүп баратат, азыр болсо интеллекти жок чала молдо, чала сабаттардын чоң армиясы пайда болду. Ага мисал, биздин парламенттеги айрым депутаттардын кейпи. Ошондуктан биз элге мектептердеги билим берүүнү тез аранын ичинде түп-тамырынан өзгөртүүбүз абзел. Карап көрүңүздөр, бүгүнкү Кыргызстанда бир да педагогикалык жогорку окуу жайы жок. Билимдин фундаменти мектептен башталат. Ошондуктан биз мектептерди сапаттуу педагогдор менен камсыз кылууну колго алалы.

Эми мен айыл чарбасы жана өнөр жай жагына жокмун, бирок агартуу жагына (мектептердеги билим берүү) көзүм жетет. Ошондуктан союз убагындагы пландоону ушул жагына сөзсүз киргизүү керек. Бизге болочокто канча компьютерщик, IT-технолог же менеджер керек – бул жагын рынок өзү чечээр. Ал эми бизге болочокто, жакынкы 3-5 жылда мектептерге канча математик, химик, биолог, физик ж.б. предметтер боюнча мугалим керек болот – муну сөзсүз пландоо, эсепке алуу өтө зарыл. Демек, бизде ошого жараша мамлекеттик педагогикалык ЖОЖ жана орун болушу шарт. Азыр бизде 5 миң орун бар бюджеттен, алар кайда, бүткөндөрү кайда ‒ Кудай эле билет. Ошондуктан педагогикалык кадрларды даярдоого гана бюджет берилиши керек. Жана даректүү даярдап алардын (мектеп мугалимдердин) айлыгын, санаториялык-курорттук эс алуусун ж.б. карап, аброюн көтөрбөсөк, иш өтө чатак. Мен муну өмүр бою жогорку окуу жайында иштеген адам катары айтып жатам. Болбосо азыр эки ооз сөздү бириктирип жазганды билбеген абитуриенттер келип жатат. Жалпы республикалык тестирлөө илгери ЖОЖдор аз кезде коррупцияны жоготобуз деп киргизилген. Азыр ошол тестирлөө биздин балдарды сабатсыз  кылып салды. Башка жол табуу керек го. Келечекти ойлосок, 20-25 жылга эсептеп, латын алфавитине өтүүнү колго албасак, дүйнөлүк агымдан артта калабыз.

Андан кийинки негизги проблема кадрлар. Алар бир жылда же беш жылда калыптанып калбайт. Алар ондогон жылдарда калыптанат, тажрыйба топтойт. Биз кичинекей республикабыз, бычакка сап болчу кадрларыбызды эки колдун манжалары менен эле эсептеп койсок болот, атүгүл өңүнөн тааныйбыз. Ошондуктан колунда бар жигиттерди топтошубуз керек. Албетте, алардын дээрлик бардыгы убагында мамлекеттин эсебинен ичип-жеп байлыктарын түптөгөн. Болору болду, эми аларды териштирип камай бергенден пайда жок. Коомдук пикир боюнча тыкыр изилдесе, азыр деле 200дөн 400гө чейинки аткаминер түрмөдө отурушу керек. Эми андай кылбай эле, “келгиле жигиттер, акчаңарды чыгаргыла, кайсы бир кен барбы же ТЭОлору даяр болуп турган ГЭСтер барбы,  ошолорду бу өзүбүз иштетип, иш орундарды түзөлү, мыйзамды бузбай иштейли, элге пайдабызды тийгизели. Депутаттыкка, дагы бир кайсы чиновниктик кызматка барганыңарды токтоткула” деп бир нукка салбайлыбы. Азыр башка өнүккөн мамлекеттерде либералдык экономика менен либералдык демократиядан көңүл калып жаткан кезде биз да ушуга жараша чечим кабыл алалы.

Албетте, бул жерде даяр рецепт жок. Ошондуктан кырдаалга карата ар кандай жолдорду жана методдорду колдонсок болот. Жаңы велосипед жасоонун зарылдыгы жок. Башка мамлекеттердин тажрыйбаларын көрбөйлүбү: Казакстан, Өзбекстан, Россиядагыдай эле акчалуулар акчасын коркпой эле алып келип иштеткенге жакшынакай укуктук база түзүп берели. Же болбосо Грузиядагыдай либералдык саясатты, Армениядагы балансташтырылган саясатты, болбосо мына азыр Украинада бул жагынан иштиктүү аракеттер жүрүп жатат, ошолордогу алгылыктуу жактарын өзүбүзгө алып пайдаланбайлыбы?

Бизде чет жакада жүрүп миллионер, миллиардер болгон жигит-кыздарыбыз деле жок. Мына кайсы бир жылы президент мигранттар менен жолугушту, жакшы ойлор, пландар айтылды. Алар келип бир кичинекей ишин баштайын десе баягы эле көзү тойбогон бюрократ чиновниктер “бул керек, тиги керек” деп “шапка” берүүгө аргасыз кылууда. Ошентип көп идеялар суу сепкендей жок болду. Анан “кой” деп өздөрүнө жакшы жактарга кайра кетип калышты.

Миллиондогон каражаттары бар азаматтарыбыз да аз эле. Аларды жеке чакырып жана кепилдик менен иштетүү керек. Ал эми “50-100 миңдей акча салып, Кыргызстанда эле өз ишимди баштайт элем” деген жигит-кыздар дүйнөнүн чар тарабында жүздөп саналат. Мен өзүм күбө болгон, жолугуп сүйлөшкөн жигит-кыздарды эле айтайын. Индонезиянын Балисинде бир жигит жүрөт, Кыргызстанда өз ишмердигимди ачсам деп. Американын Чикагосунда, ал эле эмес Лас-Вегаста кыргыз жигиттерин көрдүм, “өзүбүздө мыйзамдарыбыз менен чиновниктерибиз оңолсо, барып өзүбүздүн Кыргызстанда иштесек” деген. Орусиянын Сахалининде, Иркутск облусунда, Екатеринбургда ж.б. ири шаарларында, Италиянын Рим жана Неаполь шаарларында өзүбүзгө барып иштесек дегенде эки көзү төрт болгон жигит-кыздарды көрдүм. Ал эле эмес Германиянын Франкфурт-на-Майне шаарынын аэропортунда немец кыздар менен жолуктук. Бишкекте төрөлүшкөн экен, ошолор да Кыргызстанга келип иштесек дешет. Тоо туризми менен кызыгышат экен.

Демек, бизге келе тургандар дүйнөнүн булуң-бурчунда өтө көп. Алардын корккону эле биздеги мыйзамдык базанын начардыгы жана “шапка” алууга биротоло ыңгайлашып профессионал болуп калган чиновниктер. Эгер ушуларды эле оңдосок жана уруксат берүүдө адам факторун аздатсак, бизге акча салам дегендер агылып келмек.

Урматтуу президент! Албетте, биз кичинекей мамлекетпиз. Чоң мамлекеттердин коштондусунда аларда кризис болсо бизде да, аларда жакшы болсо бизде да жакшы болот, бул бардыгыбыз беш колдой билген аксиома. Бирок биз бул эле эмес мындан кийинки келе турган чакырыктарга даяр боло турган (мейли, мындан чоң ири дүйнөлүк апааттарга) алдын ала чара көрүүгө даяр болушубуз керек. Биз керек болсо ушундай апааттардан да өзүбүзгө пайда менен чыга турган болушубуз керек. Прагматикалык саясат ‒ өзүбүздү керек болсо бир канча жылга камсыз кыла турган мүмкүнчүлүк бар. Бул деген эт, сүт, жашылча, буудай. Мүмкүн бизге импорттук кийимдер, жемиштер ж.б. келбей калышы мүмкүн, бирок аларсыз эле жашай беребиз да. Башка нерсе газ жана күйүүчү май. Ошондуктан өзүбүздүн ишкер жигиттерди ар тараптан колдоп, ГЭСтерди курууну тезирээк колго алуу зарыл. Ошону менен катар машина паркын акырындап электрге өткөрүү максатка ылайык. ГЭСтерди чет элдиктерге курдуруп пайдасын алар көргөнгө караганда, өзүбүздүн жигиттер, кала берсе элден чогултуу керек, пайдасын эл көрсүн. Эл түшүнүшү керек, “ии, ортого 50 миң кошсом, мынча жылдан кийин ал акчамды кайтарып алам да, анан ошол ГЭС канча жыл иштесе ошончо жыл мен пайдасын көрөм” дегенди билиши керек. Келечекте нефть, газ түгөнөрүн билген коңшулар азыр эле атомдук электростанция курганга киришти. Ал эми бизге Кудай түбөлүктүү байлыкты берген экен, ошону тезирээк, көбүрөөк курбайлыбы да, ашып калса сатпайлыбы.

Айтмакчы, ГЭС куруу жагынан тажиктер деле өздөрү эле куруп, мына 2‑3 жылдан бери өзбектерге сата баштады. Болбосо өмүр бою Өзбекстандан алып келген. Жакынкы жылдары дагы 4‑5 эсе көбөйткөнгө аракеттенип жатышат. Ошондуктан биз дагы аракеттенели, эртеңки шайлоону эмес мамлекеттин эртеңки күнүн ойлойлу.

Ушул материалды даярдап жатканда интернет айдыңында пандемияга байланыштуу апаат мезгилинде Кыргызстан кандай болушу керек дегендей, ар түрдүү маселелердин тегерегине ойлорун ортого салган бир топ материалдар чыкты. Айталы, Муратбек Иманалиев менен Өмүрбек Текебаевдер азыркы түп-тамырынан өзгөргөн дүйнөдө мамлекеттер ортосундагы мамилелердин принциптери жана критерийлери кандай болот, кайсы жагына мүмкүн өзгөрөт, ушундай чалды-куйду, чалмакей мезгилде биздин мамлекет кандай саясат тутунуш керек дегендей ойлорун. Ал эми Өмүрбек Бабанов, Темир Сариевдер пандемия мезгилинде жана андан кийинки экономикалык саясат боюнча айткандары, Эдил Байсалов жана Жумагул Сааданбеков аксакалыбыз мамлекеттик түзүлүш, бийликтин ролу анын ийкемдүүлүгү жөнүндө жакшы пикирлерин билдиришти. Бул маселелерде креативдүү дагы бир топ жаш жигиттер омоктуу ойлорун ортого салышты. Алардын бири Азамат Темиркулов деген жигит “азыр мамлекеттик кызматка компетенттүү жигиттерди тартуу керек, алар эл аралык уюмдарда иштеп жүрөт. Убагында көп мамлекеттер табият берген нефть, газ менен байып, турмуш тиричилигин, инфраструктурасын оңдошкон болсо, азыр дүйнө өзгөрүп, адамдардын ден соолугу биринчи орунга чыккандыктан биздеги касиеттүү дарылыгы бар сууларыбыз, туздарыбыз, курорттук-санаториялык жерлерибиз эле бизди көтөрүп кетет” деп жазат.

Мына ушундай кокту-колоттук эмес, дүйнөлүк деңгээлде ой жүгүрткөн уул-кыздарыбыз, улуу-кичүүлөрүбүз бар экенин көрүп, алардын айткан-дегени, жазгандары менен таанышып, У.Черчиллдин лакапка айланган айтымындагыдай, Кудайга шүгүр, эртеңки күндөгү шайлоо үчүн иштеген саясатчылардан башка дагы  улуттун кызыкчылыгын ойлогон, ошол үчүн жан кейитип, ойлонуп тогуз толгонгон мамлекетчил инсандарыбыз да бар экен деп канагат алып каласың.

Биз жашыраак кезде “дүйнө бизди өзгөрттү, биз дүйнөнү өзгөртөбүз” деген бир айтым бар эле, азыр ошону башкачараак айта турган мезгил келди. “Дүйнө өзгөрдү, эми биз өзүбүздү-өзүбүз өзгөртөбүз” деген. Анткени биз кыргыздар бардыгын көрдүк, убагында Швейцария да болдук, орустарда дүйнөнү эки системага бөлгөн эки революция болсо, биз да эки революция жасадык, жер шарынын кайсы жеринде болбосун бир кыргыз  ишкер жигит менен кездешесиң. Кыргыздар пукта, чапчаң жана  ийкемдүү келет. Элге ишеним жана колдоо гана керек. Ошондуктан биз ушул пандемиядан пайдаланып, дүйнөгө чачылып кеткен акчабызды жана азаматтарыбызды чогултуп, интеллектуалдык дасмиябызды бир жерге топтоп, ички саясатыбызды кырдаалга карата прагматикалык жагдайда жүргүзсөк, бул  апааттан пайда таап чыгып кетебиз. Болбосо, “эми ушундай болуп калды, биз эмес Америка, Россия деле кыйналып жатат” ж.б. деп актанганга, албетте, миң себеп бар. Биз, кыргыздар бир муштумдай түйүлүп, өзүбүздү өзүбүз бага ала турган түптүү улут экенибизди дүйнөгө көрсөтө турган мезгил келди.


Жолборс Жоробеков, саясый илимдердин доктору, профессор 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер