Милицияны уят кылган Азамат Ногойбаевдин “кашаңдыгы” көнүмүшкө айланды

Бишкек ШИИБ начальниги Азамат Ногойбаев эскерткен. Эгерде 13 жашар кызды зордукташкан милиция кызматкерлеринин күнөөлөрү далилденсе, анда Свердлов РИИБнин жетекчилерине жаза колдонуу боюнча. Аз күн мурда эки участкалык милиционер 15 жылга, штаттан сырткаркы кызматкер 13 жылга эрктеринен ажырашты. Сот алардын күнөөлөрүн аныктап, ушундай чечим чыгарды. Баары далилденди. А эмнеге Ногойбаев Свердлов РИИБнин начальнигин, орун басарларын жумуштан кетире албайт? “Карга карганын көзүн чокубайт” деген ушулбу?.. А баса, дагы бир жагымсыз көрүнүштөн мисал келтирели. Буга чейин уурдалган 1600 телефон боюнча пиар кылышып, Бишкек ШИИБ жарыялаган. Кызыгы, бул таризде “колго түшкөндөрдүн” күнөөлөрү далилденбептир. Себеби, чыныгы кылмышкерлерди кармашпай, телефондорду сатып алгандарды эле айтышып, айгайлап жатышыптыр да. Мына тамаша! Айтор, Азамат Ногойбаев сүткө тойгон күчүктөй элес жаратып, улам эле уят болот. Эл да нааразы. Качанкыга чейин чыдайбыз?
"Азия Ньюс" гезити