Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Академиядагы айкын максаттар, алгылыктуу иштер

Академиядагы айкын максаттар, алгылыктуу иштер

13-февраль, 21:14
551 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын президенти, академик Мурат Жуматаевдин ишмердүүлүгү тууралуу гезитке жалган малыматтарды жазышып, ар кандай кара пиарларды уюштуруп жатышат. Ошондой интригандар жасаган кутумчулуктун айынан 2017-жылы 31-мартта КР УИАнын президенти Абдыганы Эркебаев “окумуштуулардын бул жогорку коомчулугунда жеке кызыкчылык үчүн араздашуу, эки жүздүүлүк, саткындык, жасалма документтерди чыгаруу, кутумчулук, жалган маалымат таратуу сыяктуу терс көрүнүштөр орун алган” деп нааразы болуп, билдирүү жасап, кызматынан кеткенге мажбур болгон. Академик А.Эркебаевди гезитке чыгарып, жаманатты кылып жүргөн, баскан жерине чөп чыкпаган коррупционер, куукаптал, кесирдүү илимпоз сөрөйлөр ошол эле сценарий менен КР УИАнын президенти М.Жуматаевге асылып жатышат. Кутумчулардын бул максаты – өздөрү суу ичип жүргөн кудукка түкүрүп, илимдер академиясын жаманатты кылуу. Бирок, алар таратып жаткан жалган маалыматтар суу кечпейт, себеби, “ит үрө берет, кербен жүрө берет” дегендей, илимдер академиясында илимий-изилдөө иштери өз нугу менен күрдөөлдүү жүрүүдө.

Эмесе, кеп кезеги менен болсун. Академик Мурат Жуматаевдин жетекчилиги астында Улуттук илимдер академиясында иш ургаалдуу жүрүп, 4-февралда “Билим берүү жана санариптештирүү: илимий кадрларды даярдоонун негизги пайдубалы” деген темада илимий-тажрыйбалык конференция болуп, илим менен билим берүүнүн учурдагы көйгөйлөрү, перспективалары талкууланды. Бюджеттен каражат аз бөлүнгөнүнө карабастан, Улуттук академияда илимий менеджмент жолго коюлуп, гранттардан, чарбалык эсептен түшкөн бюджеттен тышкаркы каражаттардын көлөмү көбөйгөн. Ал бюджеттин 40 пайыздан ашыгын түзөт. Кошумча булактардан түшкөн каржылоо илимий-изилдөөлөрдүн жигердүү, жемиштүү жүргүзүлүшүнө өз таасирин тийгизип жатат. Ошонун натыйжасында беш илимий ачылыш илимдер академиясынын окумуштуулары тарабынан жасалган. Өткөн жылы эле Улуттук илимдер академиясынын окумуштууларынын жүргүзгөн изилдөөлөрүнүн жыйынтыктары катары 2164 илимий эмгек жарыяланган, анын ичинде 48 монография, 899 илимий макала, 28 патент бар. Эл аралык маалымат тутумундагы РИНЦте 480, Scopus жана Web of Sciencе 115 илимий макала жарык көргөн. Ошентип, абройлуу чет өлкө журналдарына жарыяланган эмгектер 7 пайызга көбөйгөн. Мартабалуу эл аралык илимий журналдарга жарыяланган кыргызстандык авторлордун макалаларынын 3/2 пайызын академиянын илимпоздорунун эмгектери түзөт.

Улуттук илимдер академиясынын мекемелери эл аралык илимий изилдөө долбоорлор боюнча пландалган иштерди пандемия учурунда ар кандай кыйынчылыктарга карабастан, мерчемделген мезгилде бүткөрүшкөн. Мисалы, геология институту “Кыргызстандын калкын таза суу менен камсыз кылуу максатында суу реурстарынын сапатынын географиялык өзгөчөлүктөрүн изилдөө” долбоорунун алкагында Кытай илимдер академиясы жана эл аралык ANSO уюму менен биргелешип, өлкөбүздүн 11 айылын таза суу менен камсыз кылган. 

Өткөн жылы илимдер академиясында 71 илимий конференция жана эл аралык иш-чара өтүп, 51 долбоор боюнча илимий-изилдөөлөр жүргүзүлүп, 3 эл аралык келишим түзүлгөн. Аймактар менен иш алып барууну күчөтүп, сейсмология, биология, геология, химия жана фитотехнологиялар институттары Баткен облусу менен байланышкан долбоорлордун үстүндө иштеп жатышат. Көптөгөн аракеттердин натыйжасында академиянын илимий мекемелери көрсөткөн кызматы үчүн акы төлөнүүчү мекемелердин катарына кирип, пландан тышкары жасай турган иштерин атайын эсеп менен алып барышат. Илимий иштеп чыгууларды өндүрүшкө киргизүү, илим менен өндүрүштүн ортосундагы байланышты бекемдөө негизги багыттардын бири. Ошол максатта илим-изилдөө мекемелери кайра түзүлүп, химия, автоматика, биология институттарын илимий-өндүрүштүк бирикмелерге айландыруу максаты алдыга коюлган. Өзүнүн илимий-изилдөө мекемелерин жаңы статуска которуу менен Улуттук илимдер академиясы өлкөдөгү эң негизги инвестициялык-инновациялык борборго айланары шексиз. 


Аскар Медетов

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер