Айылчы Сарыбаев, профессор: “Бир дагы мамлекет карыз саясатын жашырып жаппайт”

-- Айылчы агай, буга чейинки алынган тышкы карыздар өзүн актабаган тармактарга салынганы тууралуу өлкө жетекчилери тарабынан бир канча жолу айтылды. Бирок, азыркы бийликтин “карыз алабыз” дегенине кабатыр болгон экономисттер да катуу коңгуроо кагып жатышат. Сиздин пикириңиз кандай?
-- Биринчиден, инфраструктурага кеткен карыз эч качан жогорку рентабелдүү болбойт. Бирок инфраструктурасы жок экономика эч качан өнүкпөйт. Бул сөздү мамлекеттин өсүүсү эмне экенин билбеген адамдар ушундай кеңеш бериши мүмкүн. Экинчиден, мамлекет акчаны айласыздан сурайт. Анын эки түрү болот. Бири мамлекеттин экономикасын сазга батырган сапатсыз башкаруунун жыйынтыгы. Экинчиси, экономиканы өнүктүрүүгө кеткен түз же фирмаларга гарантия болгон карыздар. Үчүнчүдөн, бир дагы мамлекет карыз саясатын жашырып жаппайт. Себеби, ал карыздардан элден алган салыктар менен кутулат. Негизи эле бул маселе боюнча талкууну парламент жасайт. Тилекке каршы, биздин парламент ага жарабайт.
"Азия Ньюс" гезити