Манас атанын акыл-насааты бүгүнкү кыргыз тукумдары үчүн абадай керек


Улуу “Манас” эпосунун асыл нарктары
(“Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик” уңгу жолунун контекстинде)
XII. Даанышмандык
1.«Пендеден артык туулган, берен көк жал», «Ак калпактын улугу, адамзаттын тунугу» деп аталган Манас баатырдын акыл-эси мекен жана мен, атуул жана Ата журт, ата конуштун эркиндиги, ак калпак калктын биримдиги, адам жашоосунун манызы, чындык, адилеттүүлүк, эл-журт алдындагы парз өңдүү орчундуу базистик түшүнүктөрдүн жана баалуулуктардын тегерегинде ар дайым «шакардай» кайнап турат. Ал өзүнүн ички акыл-ой түйшүгүнүн, мээнетинин аркасында коктулук аң- сезимден өйдө көтөрүлүп, жеке МЕНине эгедер болуп, улуттук өзүн өзү андап түшүнүүнүн жана философиялык даанышмандыктын бийиктигине көкөлөп чыгып отурат. Ошол бийиктигинен «бүркүт карашты» салып, Азиянын талаа-түзүнө чачылган, Ала-Тоонун кокту-колотторунда бириндеген кыргыздарды бир бүтүн журт, уңгусу бир улут катары карай билип, аларды баш коштуруу, бириктирүү «Кулаалы жыйып куш кылуу, курама жыйып журт кылуу» үчүн каруусун казык, башын токмок кылган, ата конушубузду баскынчы жоодон бошотуп, кыргыз мамлекеттүүлүгүн түзгөн, ажолук тактысында айкөл да боло билген, керек учурда журт кызыкчылыгы үчүн катаал, каардуу да боло билген Манас атабыздын өрнөгү турмуштун бороондуу деңизинде кеме болуп сүзгөн калкыбыз үчүн маяк болуп келген.
2.Манас өзүнүн алдында турган бийик патриоттук милдеттердин сересинен туруп, айланасына көз чаптырат, кыргыз журтунун ичиндеги камырабастыкты, алысты көрбөгөн кыска ойлуулукту, күнүмдүк менен чектелүүчүлүктү сынга алып, өз мекендештерин “арканды узун таштап”, кенен ойлонууга, журт башына келчү коркунучтун алдында көздү чоң ачууга, сергек болууга, көр оокаттан бийик турууга, көрдүнүйө-мүлккө корстон болбоого, алдыда турган атуулдук чоң милдеттерди сезе билүүгө чакырат:
Корстон болбо дүйнөгө,
Короодо жатат коюм деп,
Кор болбоймун оюм деп,
Комсоо кепти сүйлөбө.
Өрүштө жалкы малым деп,
Өзгөчө кыйын алым деп,
Өкүнүчтүү болор айткан кеп.
Жайытта жатыр уюм деп,
Сандыкта дүйнө-пулум деп,
Санаага салсаң жаман кеп.
Жүк артсам арбын төөм деп,
Дөөрүгөнүң – жүдөө кеп.
Конокко сой бир койду,
Корооңо кой миң койду.
Бир карышкыр кириптир,
Миң койду кайдан тим койду.
Корооңо канды толтурду.
Кырып баарын болтурду.
Аны кылды бөрүңүз,
Артын байкап көрүңүз.
Манастын бул сөзү адамды терең ойлонткон өзүнчө бир философия.
“Дүнүйө-мүлкүң түбөлүктүү түркүгүң эмес” деген Манас атанын бул акыл-насааты бүгүнкү кыргыз тукумдары үчүн да абадай керек. Бул терең маанини камтыган, жарандарды масштабдуу ойлонууга, көрөгөч болууга үндөгөн, сары алтындай уюган накыл кепти бүгүн да ар бирибиз жадыбалдай жаттап, көңүлүбүздүн түпкүрүндө сактоого милдеттүүбүз деп ойлойм. Кечээ эле демократия жаңыдан башталганда, биз Кыргызстандын жайыт толо ую бар, короо толо он эки миллион кою бар, өрүш толо жылкысы бар, кор болбойбуз деп компоё тартчу эмес белек. Бүгүн ошол короо толо коюң кайда, өрүш толгон жылкың кайда?
Бүгүн да дүнүйө жыйсам деп дүмүрөңдөгөндөр, пулум болсо дүйнөм түгөл болор деп күнүмдүккө корстон болгондор, экономика болсо элим да бар, жерим да бар деп камырабай ой жүгүрткөндөр арбын. Туура, экономика зарыл. Бирок кыргызды түбөлүктүү кыла турган нерсе пул-дүнүйө эмес. Кыргызды уюткулуу, ордолуу дух сактайт, рух сактайт, алды-артын ойлонгон, жер тыңшаар Маамыттай жүз жылдык келечекти алдын-ала болжогон акылман акыл-эс, алысты көргөн айлакер саясат сактайт. Кыргыз элин 40 миң жылкылуу Жакыптын дүнүйөсү, Көкөтөй байдын сан жеткис малы, алтын-күмүшү сактаган эмес, ак калпак элди Манастын мекенчил улуу руху, Кошойдун, Бакайдын, Каныкейдин акылмандыгы, Акбалтанын патриотизми, кыргыз элинин сабырдуу, чыдамкай адеп-ахлагы сактаган.
3.Өз элин, өз журтун сүйүү, урматтоо жалаң эле анын жакшы жактарын көрүп, кемчиликтерине көз жумуу деген сөз эмес. «Эгер калк өсөм десе, ал өзүн өзү даана көрүп, өзүнүн кемчиликтеринен өзү уялып турушу керек» деген акылгөй сөз бекеринен айтылбагандыр. «Элимди аябастан сындаганым – калкымды ошончулук сүйгөндүгүм» деп да, акын бекер ырдап жаткан жери жок. Эпостогу эң позитивдүү нерсе – бул Манастын образынын сынчыл духту алып жүргөндүгү. Бийик чокуга чыксаң, айланаң даана көрүнөт эмеспи. Манастын артыкчылыгы ушундай, бүркүтчө обого калкып чыгып, ошол бийик акыл-эс кыл чокусунан өз элинин, Ата журтунун учу-кыйырына сын көз менен серп таштай билгендигинде, мекендештеринин кемчилигин көрүп, аны тайманбай бетке айткандыгында. Жалпы калайык-калк, мыктылар, жакшылар кеңешке чогулган жерде Манас көпчүлүккө тике карап туруп:
Ажал жетпей, күн бүтпөй,
Анча эмне жүдөдүң!
Жанына жандын бара албай,
Журтум, жалтак болгон экенсиң,
Жабууласа көп калмак,
Коркок болгон экенсиң.
Атамдан калган жер экен,
Намысты кыргыз санайбы.
Ынтызар болдум алууга
Ыспара менен Алайды.
Көрбөгөндү көрүпсүң
Көрүнөө көбүң өлүпсүң.
Алдырып коюп калмакка,
Намысың жоктон жүрүпсүң, - деп, абдан катуу жана ачуу сын айтат. Манас ушундай чынчыл, акылман сынчылдыгы менен көпчүлүктүн көзүн ачып, жарандардын намысына тийип, алардын патриоттук сезимин ойготуп, артынан ээрчитет. Бул чыныгы акылгөй лидердин сапаты эмеспи.
Кыргызда «Жакшы жаңылса өзүнөн көрөт, жаман жаңылса өзгөдөн көрөт» деген сөз бар. Манас өз кемчилигин сезип, аны моюнга ала билген ийкемдүүлүгү менен да айырмаланат. Ал Кошой карыянын: «Манас, Манас дегенде, барбая калат экенсиң, чала үйлөгөн чаначтай, дардая калат экенсиң» деп жосунсуз жоругу үчүн сын коюп, жемелеп айткан сөзүн туура көрүп, артка кетенчиктеп, үндөбөй муюп, ойлонуп калат.
Бакайдын айткан сынына да чычалабайт. Бир ирет Манас алыстан келген айтылуу алты хандын элчилерин ачуусу келип каматып коёт. Ошондо Бакай Манаска катуу сын айтат: «Элчиге өлүм жок», ушуну билбейсиңби!? Жаманатты сөзгө калабыз, бошоткун. Минтип жүрсөң элди кантип башкарасың, Арстан Манас деп жүрсөк, башка белең? - деп ачуу сынын агытат. (Шапак Рысмендеевдин варианты) “Атаң көрү ай, айтса айтпаса төгүнбү?” деп Манас Бакайдын сынын туура кабыл алып, элчилерди дароо бошотуп, а түгүл «ак көрпө жайыл» болуп, аларга сый көрсөтөт. Манас эч кимден жеңилбес, төгөрөгү төп баатырмын деп төшүн кагып, эч убакта мактанбайт. Тескеринче, ал өзүнүн кээде бирөөлөрдөн жеңилген учурларын (Мисалы кыз Сайкалдан) моюнга алып, ал жөнүндө аңгемелеп айтып бергенди өөн көрбөйт. Манас өзүнө өзү сын көз менен карай билген даанышман баатыр Кошой карыя ар качан «ак сакалы жаркылдап, келгин каздай баркылдап» Манас тууралуу: «Бузулуп кеткен аз журтка, берен да ошол, мээ ошол, мээнеттеги кыргызды, бек кайтарчу ээ ошол» деп айлана-тегерегине жарыялап турат. Белгилеп өтө турган нерсе, Кошой Манастын кеменгерлигине басым жасап, мобу сөзүндө айкөл баатырды, кыргыздын ойлоно турган мээси деп адаттан тыш баалап, көкөлөтүп отурат. Мынакей, Кошойдун Манас дегенде элеп-желеп болуп, түн уйкусун үч бөлгөн бөтөнчө мамилесинин түпкү мотивациясы кайда жатат?
Манастын чоң жеңиштерге жетишин шарттаган булактардын бири – бул анын өзгө да, өңгөгө да, жеке өзүнө да сын көз менен кароого жөндөмдүүлүгү жана баатырдын өзүн өзү аңдап түшүнүүсүнүн күчтүү өнүккөндүгү деп айтсак болот. Ушул жерден айта кете турган нерсе, Манас жалпыланган эпикалык каарманга караганда, жандуу инсанды көбүрөөк элестетип кетет. Ырасында эле, Манас атабыз бир доордо тарыхта жашап өткөн киши эмеспи. Манасчылар “атабыз өткөн айкөл шер, Алтайга барып туулган, атын жааттап кары-жаш, ааламга салган чуулган” деп болгон тарыхты болгондой ырдап жатышпайбы. Манастын чоросу – тунгуч манасчы Ырамандын Ырчуул алгач өзүнүн “Манасын” айтканда, баатыр атабыздын сапат-касиеттерин көргөнүндөй кылып айтса керек. Аны кийинки манасчылар өзгөртпөй айтып келишкен белем.
Эгерде азыркы ак калпак кыргыздардын ар биринде Манас атаныкындай өзүн-өзү аңдап түшүнүүсү мыкты өнүккөн чынчыл жана сынчыл дух болсо, анда улутубуздун руханий саламатчылыгы бекем болоруна ишенип койсо болот.
4.«Манастагы» даанышмандык жөнүндөгү сөздү дагы уланталы.
«Чоң Казат» согушунун алдында Таласта Манастын чоролору жана алты хан катышкан чоң чогулушта Бээжинге карай жүрүштө кол баштаган жалпы ханыбыз Бакай болсо деген сунуш ортого коюлат. Ошол учурда жалпы Түрк-мусулман көпчүлүгү чурулдап: «Касиеттүү Бакайды, канга ылайык көрөбүз» дешип, сунушка бир добуштан макул болушат. Бул окуянын өзү Бакайдын кадыр-баркы кыргыздар үчүн гана эмес, жалпы түрк боордош журттардын өкүлдөрү үчүн да бийик экендигин ырастайт. Андан ары, Бакайдын чыныгы акылман экендиги мына бул окуядан даана көрүнөт. “Чоң Казатта” Каңгайга жүрүш кылып бараткан жолдо Манас жакшылык көздөгөн чоң ой менен аскерге хандык кылууну Бакайдан алып, Алмамбетке берүүнү чечет. Манастын бул чечимин Бакайга Ажыбай менен Серек келип билгизет. Ошондо кан Бакай күлүп-жайнап туруп, келген экөөнө муну айтат:
«Атым Бакай болгону,
Арбагым башка конгону.
Жаманатты кабарым,
Жалгыз бенде уккан жок.
Нече жерде кан болдум,
Караңарчы, балдарым,
Башыма мүйүз чыккан жок.
Нече жерде бек болгон,
Кеңдигинен абаңа
Кетпеген дөөлөт токтолгон.
Так ошондон бер жакка,
Абакеңиз Бакайда
Таруудай тарлык жок болгон.
Жарлыгын жалган ким кылсын
Жайдары Манас төрөмдүн,
Жалдырабай эки кул,
Чапчаңыраак жөнөгүн!
Ал Алмамбет арстанды,
Манастан да артык көрөмүн,
Бир сураса ал үчүн Миң кайтара беремин.
Баатыр Алма султанды,
Баламдан жакын көрөмүн.
Башкарып алсын аскерин,
Бачымыраак жөнөгүн» (СО, 119).
Бул жерде Бакайдын өзүнүн эл шайлаган хандык статусунан оп-оңой, жеп-жеңил гана баш тартып койгону таңгалтырат. Көрсө, Бакай үчүн бийлик, хандык деген нерсе, ыйык санала турган, жабышып-жармаша турган дөөлөт эмес экен. Ал өзүнүн руху боюнча бийликтен, мансаптан жогору турган акылман экен. Мансап бүгүн бар, эртең жок, мансаптан адамдын башына мүйүз чыкпайт, дөөлөт сенин мансабыңа токтобойт, дөөлөт деген сенин таруудай тарлыгы жок кишичилик кенендигиңе, адамдык нарк-насилиңе токтойт, адамдык асыл касиет баардыгынан жогору дейт Бакайдын логикасы. Кыйын кырдаалда, жооптуу мезгилде жалпы ийгилик үчүн, жалпынын жакшылыгы үчүн ишке жарап бере турган азаматка тизгинди берип, Манастын айтканын айткандай, дегенин дегендей орундатып, Бакай биринчи иретте, кошуундагы ички ынтымакты бекемдөөнүн камын көрүп отурат. Бакай мансап жөнүндө эмес, алдыдагы жеңиштин стратегиясы жөнүндө ойлонуп турат. Ошондон улам ал өзүнүн кандык статусу менен эч кандай көйгөйсүз эле, эч кандай сокур намыссыз эле, ички санаркоолорсуз эле коштошуп койду. Бул пендечиликтен, көр оокаттан жогору турган акылмандыктын таасын жүрүм-туруму эмей эмне.
5.Кошойдун кенендигин карачы. Алыскы Алтайдан келген Манасты биринчи эле көргөндө, ага кандай укмуш сөздөрдү марттык менен арнады. «Кабылан», «Шер», «Туйгунум», «Кудай бериптир», «Кыргыз журттун ырысы», «Алтайдан Манас табылды, абийирим минтип жабылды» деп терисине батпай кубанып, чечекейи чеч болбодубу. Ала-Тоодо калган азган-тоскон биртике элдин башында турган хан Кошойдун калайыкка баш-көз болгон өзүммүн, сен кайдан чыккан кыйынсың дегендей, көкүрөк көтөргөн амбициялуу мамиледен, биринчилик ролду кызгануу, ыраа көрбөө, сокур намыс сыяктуу пендечилик илдет оорулардан оолак турган рухий бийиктиги курсант кылат. Эл ичинен өзүнөн озо чыккан азаматка «туйгунум» деп жалбарып турат. Ушундан улам бүгүнкү замандагы кыргыз тукумдары, азыркы биз жөнүндө аргасыздан ойго түшпөй койбойсуң. Алдыга озо чыккан азаматка, лидерге, ичибизден чыккан кыйынга бүгүн биз Кошой баатырдай ак көрпө жайыл мамиле жасайбызбы? Бирөөнүн ишине, ийгилигине улут келечегин ойлоп, Кошойчылап барбалаңдап сүйүнөбүзбү? «Күлүктүн» арыш ташташынан рахат алып, аны Кошойчосунан сүрөөгө алган айкөлдүккө эгедербизби?
Соңку кыргыз тукумдары майдаланып кеткенбизби? Карачы, чындыктын «чечекейин жара сайып», академик М.Адышовдун айткан мобу сөзүн: «Баары маданий деңгээлге байланыштуу болот. Мен баш болуп азыр бизде жетилген интеллигенция жок. Жетилген интеллигенциянын бир белгиси – ичи кең болот. Мыктысы чыкса сүйүнөт. Мыкты эмеси чыкса күйүнөт. А бизде тескери. Мыкты чыксаң күйүнөт... Кор болсоң, колдоонун ордуна, байкушум деп башынан сылап кордойт. Бу биздеги оору эле эмес, трагедия!..» Ырас эле, озуп бараткан «аргымакты» тизеге чаап чыгып, ага тиешелүү жакшы деген нерселердин баардыгын шылый чаап, караламай, мүдүрүлө элек «күлүгүбүзгө» бычагыбызды кайрап, тузак салып, ушунун атагы, бийлиги, байлыгы менде болсо деп тилеп, жутунуп, көз артып турмай, өз ара чабышмай, тытышмай адатыбыз бүгүн жергебизде «гүлдөп» турат го. Ушундай илдет колу-бутубузду тушап, оңоло албай, ооматыбыз келбей, очорулуп отурбайбызбы.
Айталы дегенибиз, көрпенделик пас, көрө албас сезимдердин, ээк алдындагыдан башканы көрбөгөн тар түшүнүктөрдүн, арымы кыска ойлордун сазынан чыгып, бабабыз Кошойдун чалкыган көлдөй кенен, бай руханиятынын нугунда кайра жаралууга тийишпис. Биздин прогрессибиз коктунун эмес, коомун ойлогон, уруусун эмес, улутун ойлогон, жакынын эмес, жамаатын ойлогон, калктан жакшысы чыкса сүйүнгөн, жаманы чыкса күйүнгөн Кошой рухту асылбаа наркын өздөштүрүү аркылуу болмокчу.
6.Болор болочокко кайгуул салган стратегиялык акыл-эс кыргыздын сап башындагы уул-кыздарына мүнөздүү болуп келген. Арканды узун таштап, алысты ойлогон, жол баштаган азаматтары, чыгаандары жок эл, туюкка кептелип, карып болуп калышы мүмкүн.
Манас ата алды жакты, келечекти ойлоп, санааркайт, коогалуу жоокердик заманда өзүнүн да, журтунун да эртеңки тагдыры жөнүндө толгонуп, убайым чегет:
Менин көзүм өткөндө
Кагылайын калайык
Эл эмине болот дейм?
Тукабадай кулпурган,
Жердеген пенде туйтунган
Жер эмине болот дейм?
Каз-өрдөгүн чуулаткан,
Көл эмине болот дейм?
Тагдырым жетип дүйнөдөн
Ажалым жетип окко учсам,
Кара жаак айбалта
Кайкалатпай ким аштайт,
Калып калса бул элди,
Капа кылбай ким баштайт?!
Долоно саптуу айбалта
Толгондурбай ким аштайт,
Тоорулуп кетсем дүйнөдөн
Аркамда калган бул элди
Тоздурбастан ким баштайт?!
Бул мекендин, эл-журттун кийинки тагдыры жөнүндөгү УЛУУ САНАА. Мынакей, Манастын жарандык-атуулдук, патриоттук-улутмандык акыл ойломунун керемет масштабы. Мынакей, баатырдын ой жүгүртүүсүнүн кенендиги жана тереңдиги. Мынакей, улуттун көйгөйү менен санааркаган улуу мекенчилдик. Калк кызыкчылыгын кайтарган стратегиялык акыл-эс. Мынакей, Айкөлдүн инсандык кең кулачтуулугу жана Ата журт тагдыры үчүн жоопкерчиликти мойнуна көтөргөн рухий асылдыгы!
Улуу адамдардын жарандык – атуулдук өзгөчөлүгү, биринчи иретте, алардын улут масштабында ойлонушкандыгында, журтунун өткөнүнө, бүгүнкүсүнө серп таштап, келечегине кайгуул салып тургандыгында.
Бул жагынан “Алай ханышасы” – Курманжан датка Манас бабасына окшош. 19-кылымда Орто Азияны ак падышанын баскынчылары каптап, элинин башына мүшкүл түшүп турганда Курманжан датка калк тагдыры, журттун эртеңкиси жөнүндө убайым жеп, минтип толгонуп турат: “Арты кандай болор экен – оруска карап берип тынгандын, өлкөбүз жаттын колуна өтсө, элибиздин эртеңки күнү не болот? Жумшаса кулу, минсе малы болуп кала береби? Дини, дили кандай болот?” (“Сынган кылыч” романынан)
Улут тууралуу санааркаган улуу акыл-эс ушул эмеспи. Ал эми улуттун улуу уулдарынын бири Чынгыз Айтматов. Чынгыз Айтматов глобалдашуу доорундагы кыргыз журтунун тагдыры жөнүндө моминтип ой толгоп, санаа чегет: “Биз дүйнөгө дүйнөлүк бийиктиктен улам кароого милдеттүүбүз. Ошол ач шамалдай аркырап келаткан кубулуштарга биз чыдап туруштук бере алабызбы?.. Туруштук деген кармашуу эмес, ал акыл таразалаган атаандаштык, саясат, дүйнөлүк сахнадагы биздин жолубуз, багытыбыз, эртенки күнүбүз кандай болот?.. Ким менен, кайсы ой менен бул дүйнөлүк сахнанын океанында бир кайыкта, бир багытта сүзөбүз?.. Биздин дүйнөлүк интеграцияда ордубуз, алган багытыбыз болушу керек... Элибиздин келечегин эч качан дүйнөлүк реалдуулуктан ажыратып карай албайбыз”. Глобалдашуунун кыйчалыш кыйын-кезең заманында Ч.Айтматов мына ушинтип, Ата журт тагдыры жөнүндө Манасчасынан, Курманжан даткадай ойлонуп, толгонуп турат. Манас, Курманжан датка, Чыңгыз – улут лидерлери, улуттун Асан Кайгылары. Калктын басар жолуна чалгын салып турган кеменгерлер.
Эгерде бүгүн биз Ала-Тоонун ар бир жараны Ата журтубузду Манас атадай сүйсөк, Мекенибизге Курманжан даткадай, Чыңгыз абабыздай күйө билсек, көзүбүздү чоңураак ачып, кенен ойлонуп, бул үч улуу инсаныбыздын акылмандык, жарандык-атуулдук өрнөгүн үлгү тутуп, активдүү патриоттук аң-сезим, масштабдуу ойлом, күжүрмөн иш-аракеттер менен жашай билсек, анда өлкөбүз цивилизация жолунда Аккула тулпардай жана Гүлсары күлүктөй таскак салары шексиз.
Советбек Байгазиев











