Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Чолпон Жакупова уяткарган генералдар Исаков, Кожоналиев, Медетбековбу?

Чолпон Жакупова уяткарган генералдар Исаков, Кожоналиев, Медетбековбу?

13-декабрь, 11:44
1 095 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Кой-Таш окуясын иликтеген мамлекеттик комиссиянын жыйынтыгы талаш жаратып, коомчулукту эки анжылыкка салды. Бул жерден күнөөнүн баарын карапайым элге, Алмазбек Атамбаевге оодаруу менен бир жактуулукка ык коюштубу? Калыстык болушу үчүн Кашкар Жунушалиев баштаган күч органдарынын жоопкерчилиги эмнеге каралган эмес? 

Комиссиядагы Клара Сооронкуловадан башкасы кошоматчылар, буйрутма аткаргандар катары бааланганы, убагы келгенде булардын үстүнөн комиссия иликтей турганы айтылууда. Эң кызыгы, Кой-Таш окуясын кароодо генералдар Исмаил Исаков, Кубатбек Кожоналиев жана Артур Медетбековдун күч органдарынын жоопкерчилигине баа берүүдөн качканын, калыстыктан тайганын, карапайым элди “отко” салып бергенин Чолпон Жакупова аттарын атабай эле ЖМКлардан уяткарып салганына күбө болуудабыз. Комиссиянын курамындагы генералдар ушулар болчу, башкасы жок да...

Чечмелей келсек, суроолор жаралууда. Исаковдун мурдатан Атамбаевге өчү бар экени, эки иштен бир иш катары бийликкке жагынуу менен жеке кызыкчылыктарын чечип алууга өттүбү? Кожоналиев болсо спикер Жумабековдун өкүл атасы экени, бул жагынан туугандык соодалашуу кызыдыбы? Медетбековдун бизнес иштерине бул жол пайдалуу болдубу? Анан калса, үчөөнүн тең ар кандай кадр саясатынын көз карандылыгына кызыкчылыгы барбы?..

Aryba.kg 

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер