Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Рыскелди Момбеков: “Министр Бейшеналиев кыргыз медицинасына чыккынчылык жасады”

Рыскелди Момбеков: “Министр Бейшеналиев кыргыз медицинасына чыккынчылык жасады”

23-апрель, 14:37
724 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин уу коргошун боюнча демилгесине кандай көз караштасыз?

-- Министрдин мындай кадамы – кыргыз медицинасына болгон чыккынчылык. Илгертен жакшы атка ээ болуп жүргөн кыргыз медицинасын биротоло жокко чыгарды. Мындан кийин анын саламаттык сактоо министрлигин жетектегенге моралдык акысы жок. Иса Ахунбаев, Зуфар Эгембердиев чыккан кыргыз медицинасын биротоло жок кылды. Дүйнөнүн бир дагы мамлекети аны дары катары эсептебегенден кийин, муну менен дарылап жаткан министрдин мындай ыймансыз, мыйзамсыз кадамдарына өкмөт башчынын, өлкө башчысынын унчукпай отурганы өкүнүчтүү. Бизди бүткүл дүйнө жүзүнө шерменде кылды. Мындай адамды бир гана моралдык эмес кылмыш жоопкерчилигине тартканга толук негиз бар. Бүгүн Жогорку Кеңештин депутаттары министр Алымкадыр Бейшеналиевди кызматтан кетиргенге чечим кабыл алышты. Буга мен да кошулам. 

Мурдагы саламаттык сактоо министрлери, белгилүү инсандар Накен Касиев, Тилек Мейманалиев, Сабыр Жумабеков ж.б. дарыгерлердин башын салып отурганы, Кыргыз Эл Баатырлары Мамбет Мамакеев, Миталип Мамытов сыяктуу атактуу кыргыз медицинасынын көзгө көрүнүктүү адамдарынын ушундай жерде коркоктук кылышканы өтө өкүнүчтүү. Академик, докторлордун жалтак позициясы коомдун дагы деградацияга учураганын билдирет. 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер